www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Республика" саясий партиясы Кадамжайдагы жолугушуунун катышуучуларына жол киреге акча тараткан  Мойдун Калыков штабдын жетекчиси да, агитатор дагы эмес экендигин расмий түрдө жарыялайт. "Республика" партиясынын шайлоо алдындагы штабы бул жаран менен эч кандай эмгек, келишимдик жана каржылык түрдө кызматташтыгы жок.

Ошол эле учурда штаб тарабынан Мойдун Калыков чындыгында эле, Жогорку Кеңешке талапкерлердин биринин досу экени аныкталды. Кадамжайдагы жолугушууга досунун чакыруусунан улам барган Мойдун Калыков жеке демилгеси менен айылдаштарына транспорт уюштуруп берген. 

"Республика" партиясынын шайлоо штабы бул окуянын кылдат иликтенишине кызыктар жана Борбордук шайлоо комиссиясы менен тиешелүү органдарга бул боюнча териштирүү иштерине жардам берүүгө даяр. Мындан тышкары, биз оппоненттерди "Республика" партиясынын добуштарды сатып алууга жана шайлоочуларды коркутуп-үркүтүүгө каршы ачык күрөшүнө бут тоспоого чакырабыз! 

Последние новости