www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызтанда кафе, ресторан жана башка көңүл ачуу жайларын көзөмөлдөө күчөтүлдү. Мындай чечим кабыл алууга чектөөлөргө карабай той-топурлардын өтүп жатканы себеп болду. Бул тууралуу 18-августта Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында айтылды. Жыйынга катышкан премьер-министр Кубатбек Боронов соңку күндөрү кафе-ресторандарда той өткөргөн учурлар көбөйүп жатканын белгиледи.

"Көпчүлүк коронавирусту тойлордон, куран окутуу иш-чараларынан жугузуп алууда. Акыркы учурда жергиликтүү бийлик органдарынын айрым жетекчилери кырдаалды жөнгө салууда бошоңдоп калганы байкалууда. Мындайга жол берилбеши керек. Өзгөчө күз-кыш мезгили босогодо турганда жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта жана ыкчам тартипте иштөө шарт. Биздин негизги милдет – ооруну азайтуу, өлүмдүн алдын алуу, бейтаптарга өзгөчө көңүл буруу", – деди Кубатбек Боронов.

Белгилей кетсек, 15-17-августта баш калаада коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин чараларынын сакталышы боюнча рейд өткөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында 20дан ашык кафе-ресторан менен клубга акт жазылып, протокол түзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости