www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тойканаларда элдин санын көбөйтүүгө уруксат берилди

Тойканалардын иши боюнча жаңы алгоритм иштелип чыкты. Бул тууралуу КТРКнын эфиринде Бишкек шаарынын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адиси Майрам Иманкулова билдирди.

Ал эски алгоритм менен жаңы алгоритмдин айырмачылыгын айтып берди.

«Бардык кафелер жана ресторандар жаңы алгоритм менен таанышып чыгышты. Эски алгоритмге ылайык, тойканаларда коноктордун саны 50 адамдан ашпашы керек болчу. Жаңы алгоритм боюнча, тойканадагы орундардын 50 пайызына чейин конок кабыл алууга уруксат берилди. Тактап айтканда, эгерде тойкана 400 адамга ылайыкталса, анда 200 киши кабыл алууга уруксат берилет», – деди Иманкулова.

Ал бардык жоопкерчиликти тойкананын ээси аларын айтты.

«Тойкананын ээси коноктордун тизмесин, алардын аты-жөнүн, жашаган жерин, байланыш номурларын сурашы керек. Тойкананын кызматкерлери ар бир адамдын дене табын өлчөшү зарыл. Эгерде коронавирустун белгилери бар болсо, ал адамды тойканага киргизбеш керек. Калгандары мурдагы бойдон калды», – деди Иманкулова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости