www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык кеңешинин сайтына борбор калаада тойлорду чектеген жобонун долбоору коомдук талкууга коюлду.
Калаа мэриясы төмөнкүлөрдү сунуштап жатат:
Үйлөнүү үлпөт тоюнда, мааракелик салтанатта коноктордун саны 250гө чейин болсун;
Кортежге чыккан автоунаалар төрттөн ашпашы керек;
Үй-бүлөлүк салтанаттар (туулган күн, бешик той, тушоо кесүү, сүннөт той, куда тосуу, кыз узатуу жана башка) бир күндүн ичинде саат 00:00гө чейин 200дөн көп эмес меймандардын катышуусунда өтсүн;
Бир бодо мал же жылкы, болбосо үч майда жандык союлсун. Андан ашыгына жол берилбейт;
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына адам саны чектелбейт, бирок үч күндө өткөрүп бүтүшү зарыл. Ири мүйүздүү мал же жылкы союуга тыюу салынат;
Куран окутууга, жылдык ашын өткөрүүгө адам саны 300дөн ашпашы шарт. Анда бир бодо мал же жылкы, болбосо үч майда жандык сойсо болот;
Мусулман дининдеги адамдарга маркумду коюу жана аза күтүү иш-чараларын өткөрүүдө муфтият тарабынан кабыл алынган чечимди (фатва) жетекчиликке алуу сунушталат.
Ашыкча ысырапкерчиликти – баштыкка тамак-аш салып таркатуу, дасторкон жаюу, тамак-аш жана белек (кийит кийгизүү) алып келүүнү токтотуу сунушталат.
Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди бул жаатта элге үлгү болууга чакырган.
Ушул жобонун аткарылышын көзөмөлдөө Бишкек шаарынын мэриясына жүктөлөт. Жергиликтүү бийлик тарабынан комиссия түзүү каралган.
Аталган жобону Бишкек шаардык кеңеши токтом менен бекиткенден кийин күчүнө кирет.
Буга чейин президент Садыр Жапаровдун өлүм чыккан жерде ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча жарлыгы жарыяланган. Максаты жарандардын социалдык, экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу экени айтылган. Ошондой эле диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана коомдун руханий абалына терс таасирин тийгизүүчү башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорлукту алдын алуу.
Ал эми парламенттик угуу учурунда той-аш жана маркумду узатуу жөрөлгөлөрүндө эреже бузгандарга 150 миң сомго чейин айып салуу сунушталган.
Көп өтпөй Кыргызстандын муфтияты маркумду узатуудагы ысырапкорлукту алдын алуу жөнүндө фатва чыгарды. Анда ислам шариятында маркумду акыркы сапарга узатууда сөөк чыккан үйдө үч күнгө чейин казан асып мал союлбай, тамак берилбей турганы белгиленген.
Булак: NazarNews.kg