www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кепти чаргытпай ток этер жеринен баштайлы. Жети ай мурда, тагыраагы былтыр күзүндө өлкөбүздө чоң саясий өнөктүк-президенттик шайлоо болуп өттү. Ошондо кыргызстандагы номуру биринчи бай деп табылган, партиянын лидери, олигарх Өмүрбек Бабанов талапкер болуп чыгып, жеңишке жетишем деген көксөөсүн жүзөгө ашыруу үчүн аттанган. Опол тоодой байлыгы бар талапкерди ошондо баягыл Акаевчи, Бакиевчи деп саналган күркүлдөр, Текебаевдин талабын талашкандар, Отунбаеванын этегине эрмешкендер, бирдемкеге илинип калсам деп ак эткенден так эткендер коштоп жүрүшкөнү кызылдай чындык. Мен Атамбаевдин салган жолу менен кетпейм, башкача өңүттө чыйыр салам деп ураан көтөргөн талапкер ишеничтүү түрүн элге шардана кылууга бүткүл дараметин чегерди. Ал тургай казактардын эл башчысына тизе бүгүп барып батасын алып кайтты. Аны мен деген олигархтар колдоого алып, көмөгүн көрсөтүштү. Ушундай “долбоорлор” токулган соң көпөстүн ого бетер дымагы өйдөлөп өстү. Алмазбек Атамбаев ага “биттей” болуп көрүнүп калды, киттин жанында. Муну жалпы журтка шардана кылып, даңкылдатып жиберчү жамакчылар деле оңой табылды. Көрсө, ашказан “философиясы” ойгонгондо акыл-эси оңдуу иштебей калат турбайбы андайлардын.
Ошентип кыргын күрөш башталды, кадамдар кенен ташталды. Борбордук аренага бир жылдан ашык аралашкан талапкер Сооронбай Жээнбековдун меникиндей каражаты жок, колдоочулары деле коюу эмес деп кыска ойлогон Бабанов тилинен мүдүрүлүп, тынбай чуркап келаткан “атынын” буту катуу аксады. Акчанын күчүнө таянган, оозу башын жаланган, туулганда эле бизнесмен болуп жаралган баланын учкул кыялдары көккө алып учуп турган башында. Казганактай болуп көөп кеткен өпкөсүнөн кара суу куюлуп турду ошол кезде чиркин! Антсе да чуркаган албайт, буйруган алат деген накыл кептин ачуу чындыгы жеңди. Октябрдын ортосунда 65 пайыз элдин добушу менен хандык тактыны басып жыгылам деген Өмүкеңдин жебесинин учу 33 тү көрсөткөн бойдон токтоду. Башкы атаандашынан жыйырма пайыз добушту арбын топтогон Сооронбай Жээнбековдун ооматы Чолпон жылдыздай балбалактады.
Биз муну эмне үчүн эскертип коюуну туура таптык? Бүгүнкү күндө бай талапкерди жактагандар ошол “каарманын” эстегенге жараштыбы? Жок. Анын үстүнө учур чактагы президенттин Бабановго карата көз карашын укмуштай туйгандар бул теманы козгоого даабайт. Өткөн өттү, аларга учур чактагы оокат кызыктуу. Демек, Бабановдун элестүү сүрөттөрү жүрөктөн эбак өчкөн. Кандай болгон күндө да С. Жээнбековдун президент болуп келишине Алмазбек Атамбаевдин кошкон салымы нар көтөргүс болгонун жамы журттун көңүлүнө түйдүрүп койгондон бир жерибиз кемип калбайт. Болгон тарыхый окуяны айткандан неге уялмак элек? Ошол эле КСДПчылардын басымдуу бөлүгү, кызматтын тизгинин чойуп тургандар, мурдагы ажонун саясатын жактоочулары, өң тааныштары, олигархтан үмүтү жоктордун баары азыркы падышага добуштарын берген. Ичиндеги кубанычын ант берүү күнүндө Сооронбай Жээнбеков толкундануу менен айтканына миллиондогон көрүүчүлөр күбөөтүшкөн.
Эми сөздүн аныгына өтөлү. Учурдагы өлкөдөгү абалдын кооптуу болуп баратканын көрүп туруп эмне үчүн өз пикирибизди ортого салууга ниетибизди бурбайбыз? Биз туура кепти айтпасак, ким келип жөндүү пикирин ачыктап берет? Баягыл кырдаалга карап тизгинин бошото албай тургандардын азыркы шаңдуу жүрүштөрү эч кимди таң калтырган жокпу? Эркиндикти сегиз жылдан бери эңсегендердин “симфониялык хорлору” бүгүнкү күндө каякты карай сыбызгып жатат? И-ии так ошону белгилегибиз келип турат. Учурда А. Атамбаевди ичкич, жегич, суук тумшук кылгандардын өңү-түсүн жакшылап күзгүдөн бир карап койгулачы, бай болгурлар? Ал тургай “кызылдай жинди” кылып көрсөтүүгө жанталбастоолор күүгө келди. Керек болсо ошондой “диагнозду” тактап бере салчу “илимдүү доктурлар” ишааратты эле күтүп жатат. Жогортон “зыйт” десе эле лаппай деп ишке киришээри турган иш. Анткени ошондой ыктуу, шыктуу атайын адам сыяктуулар бар. Зарылчылык чыкса “оорулуунун таржымалын” изилдеп чыгууга ык алгандар бутка чалынып жүргөнү калп эмес. Муштумду көргөндө, же жашылбайларды мурдуна такаса андай шыпылдактар сөзгө тез келээри белгилүү. Айтор, акты кара кылып салуу мүмкүнчүлүгү толук бар, эгер жогору жактагылар ошону кааласа.
Кимдердин жүрөгү элеп-желеп болуп жатканын акылы ордундагылар бамдап турат десек аша чапкан болбойбуз. Тилекке каршы ошолордун “кооз аргументтери” жугумдуу болуп баратканы түйшөлтпөй койбойт. Дембе-дем кеткен ажону башка, көзгө койгулаган маалымат каражаттардын кожоюндарына саресеп салып койсоңор маселенин түпкү маанисине түшүнөсүңөр? Анткени мурдагы президенттин бийлиги колдо кезинде жерге, сууга тийгизбей мактагандар айла жоктон башка өңдөгү чапанды жамынышты. Бул эми жаңылык деле эмес, болуп эле жүргөн көрүнүш. Шапке алмаштырып кийүүнү куп үйрөнүп албадыкпы? Ошентсе да маалымат каражаттарында калыстык деген сапат болушу шарт. Бир жактуулуктун дагын кесепети араба түз жолго салынганда тийип кетээри анык.
Бираз ой жүгүртүп койчу маселе бар. Кийинки кезде ири базарларда өрттүн чыгышы, Тогуз-Тородогу тополоң, камоолор нени каңкуулайт? Митингдердин өөрчүп жатышына жөн жерден деп кол шилтеп салуунун кереги жоктой. Балким мындай тескери жагалмайлардын артында “көмүскө күчтөр” туруп жүрбөсүн? Ал эми кырсыктын себептерин иликтөөчү “эксперттер” мурдагыдай оңой шылтоону бетине кармануудан алыс болуусу зарыл. Ошондуктан жаңыдан ишке киришкен күч түзүмдөрүнүн жетекчилери эйфорияга алдырбай көзөмөлдү күчөтүшү кажет.
Арийне, айрым топтор Атамбаевди “жинди” катары сыпаттап, ал эмес жоопко тартууну президенттен талап кыла баштаганынын да өзүнчө купуя сыры бардай. Сооронбай Жээнбековдун карманган принциптеринин жыйынтыгы буга албетте, жооп болот. Антсе да кеткен президенттин кадрларын аеосуз тазалоо, сары изине түшүп алуу, камап салуу ыңгайлуу ыкма болот деген карапайым элде ынануу жок. Бул каршылаштардын көтөргөн “урааны” экенин эске салууга туура келет. Негизи телегейи тегиз адамды издеп таба албайсың. Алты жыл эл башкарып, акырында ордун досуна мөөнөтүндөөткөрүп берген азыр “жинди” аталган Атамбаевдин тагдырына кайдыгер болбостур деген пикирди ажого билдирип коюну эп көрдүк. Кантип эле өчөшкөндөрдүн “кылтагына” журт башчысы илинип калсын?..
Булак: "Ачык сөз"