www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Европанын бир катар мамлекеттеринде Курандын өрттөлүшүн жол берилгис провокация катары баалады, деп билдирди Акорданын басма сөз кызматы.

Мамлекет башчынын айтымында, алардын аракети азыркы дүйнөдөгү чыңалууну күчөтүүгө, элдердин жана мамлекеттердин ортосундагы ишенимди бузууга багытталган.

"Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин курултайын өткөрүүнүн демилгечиси Казакстан. Форум салттуу диндердин жана конфессиялардын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн натыйжалуу жана жемиштүү диалогу үчүн аянтча болуп калды", - деп айтылат билдирүүдө.

Казак лидеринин айтымында, диний вандализм фактыларынын жана тиешелүү өлкөлөрдүн жарандарынын жоопкерчиликсиз жүрүм-турумунун көбөйүшү мамлекеттер менен диндердин цивилизациялуу жанаша жашоосунун жалпы таанылган нормаларына каршы келген аракеттер катары бир добуштан айыпталышы керек. «БУУнун Башкы ассамблеясы да бул маселе боюнча өзүнүн салмактуу сөзүн айтышы керек», - деп билдирди басма сөз кызматы.

24-июлда Данияда Куран өрттөлгөн.. Андан сырткары буга чейин Швецияда эки жолу мусулмандардын ыйык китебин өрттөө ациясы өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости