www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индияда үлпөт тойдо күйөө баланын кийме чач кийгенин билген кыздын туугандары менен чыр чыгып, ал мушташка айланган. Бул тууралуу Firstpost басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда тараган видеодо күйөө баланын кийме чач кийгенинен кабардар болгон кыздын туугандары тойдо чыр салган. Ал эми мындайды күтпөгөн бала кийме чачын бирөө-жарым тартып алуусунан коркуп, башын кармап отурган.
Кыжырдануунун жана ачуулануунун экинчи себеби күйөө бала биринчи жубайы менен ажырашпай туруп экинчи никеге кирип жаткандыгы экени айтылат.
Эркектин кечирим сураганына карабай, келиндин үй-бүлөсү айылдын бийлигине арыз менен кайрылып, чыр-чатакты чечип берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.
Басылма белгилегендей, көйгөйлүү кырдаал полициянын кийлигишүүсү жок эле чечилген.
Булак: NazarNews.kg