www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-ЖомартТокаев улуттук гербди өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу Ак Ордонун маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Казакстандын президентинин төрагалыгы алдында өткөн жыйында бир катар эксперттер жана коомдук активисттер мамлекеттик символикалардын тутумун толугу менен жаңылоонун зарылдыгын талкуулашты.

«Эксперттер жана кызыкдар жарандар, анын ичинде жаштар үчүн Казакстандын гербин кабыл алуу кыйынга турат, анда эклектизмдин жана мурдагы советтик доордун белгилери бар деген жүйөлүү аргументтерди эске алуу туура деп эсептейм. Эгерде жалпы макулдашуу болсо, атайын комиссия түзүп, бардык жагын карап, коомдук талкуу өткөрсө болмок”, - деди Казакстандын башчысы.

Ошондой эле, курултайда президент жаңы мамлекеттик гербдин эң мыкты эскизин түзүү үчүн ачык сынак жарыялоону сунуштады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости