www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн кеңейтилген жыйынында Социалдык медициналык камсыздандыруу фонду менен дары-дармектин бирдиктүү дистрибьютору эсептелген «СК-Фармация» компаниясынын башчыларын кызматтан алууну тапшырды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

«Тергөө жүргүзүп, жаралган кыйынчылыктарга тиешеси барлардын бардыгы жоопкерчиликке тартылсын. Социалдык медициналык камсыздандыруу фонду менен «СК-Фармациянын» жетекчилери кызматтан алынып, зарылдык болсо тергөө жүргүзүлсүн», — деди Токаев.

Президенттин айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги «бир катар олуттуу каталарды кетирип», акимдер өз милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарышкан эмес. Ошол эле маалда өкмөт тараптан аларга жетишерлик көзөмөл болгон эмес.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 54 747ге жетип, илдетке чалдыккандардын саны боюнча өлкө дүйнөдө 31-орунга чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости