www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кимдир бирөө менен жылуу мамиледе болгонума карабай, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн өтө оор чечимдерди кабыл алам. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бизнесмендер менен жолукканда билдиргенин Sputnik Казакстан жазды.

"Мен үчүн "Платон менин досум, бирок чындык жогору турат" деген формула өзгөчө мааниге ээ экенине ишендиңиздер деп үмүттөнөм. Бул бардык маселеге тиешелүү. Мамлекеттин кызыкчылыгы мен үчүн кимдир бирөө менен болгон жылуу мамиледен жогору турат. Эгер өлкө үчүн керек болсо өтө оор чечимдерди кабыл алууга даярмын, буга чейин да кабыл алдым, мындан кийин дагы ушундай болот", — деди Токаев.

Ошондой эле ал байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырым Казакстандагы нааразычылыктардын себеби болгонун айтты.

"Киреше табуунун ортосундагы айырма чыдагыс деңгээлге жетип, жалындын тутанып кетишине жол ачты. Анан муну согушкер-террорчулар жана алардын артында турган кутумчулар колдонуп кетти. Бүгүнкү күндө алдыбызда калктын бардык катмары үчүн маанилүү делген стратегиялык маселелерди чечүү турат. Бизге Казакстан жарандарынын кызыкчылыгына жооп бере турган реалдуу реформа керек", — деди Токаев.

Ошону менен бирге эле президент Казакстандын байлыгынын жарымын эле 162 адам ээлеп алганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости