www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы «Азия-молл» соода борборунда жардыруучу зат коюлду деген жаран аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жооптуу иш-чаралардын планына ылайык, теракт коркунучу тууралуу билдирүү келип түшкөндөн кийин УКМК кызматкерлери окуя болгон жерге барып, ИИМдин кызматкерлери жана соода борбордун өздүк коопсуздук кызматы менен биргеликте соода борборунун кардарлары жана кызматкерлери эвакуацияланган.

«КР ИИМинин кинология кызматы тарабынан имараттын жана ага чектеш аймакты текшерүү учурунда жарылуучу жана башка коркунучтуу заттар табылган эмес, ошондуктан саат 19:00дө соода борборунун иши кайра жандандырылган.

Ошол эле учурда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бомба тууралуу билдирген уюлдук номердин ээси КРнын жараны «Т.И.» аныкталып, бул кылмышка катыштыгы бар экени такталууда, ошондой эле окуянын башка жагдайлары териштирилүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости