www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 1-июнда Улуттук илимдер академиясынын 75-жылдыгында сөз сүйлөп жатып, бийлигин референдум аркылуу узартпай турганын, президенттик мөөнөтүн жокко чыгарбастыгын айтты.

— Эл арасынан жана чет өлкөдөн мамлекет башчы референдум аркылуу ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн узартабы, президенттик мөөнөтүн жокко чыгарабы деп сурап жатышат. Жооп берип коеюн: андай ниетим болгон эмес жана болбойт дагы”, - деди Токаев.

Токаев 29-январда “Хабар 24” телеканалына берген маегинде бул кызматта эки мөөнөттөн ашык турбастыгын билдирген.

“Казакстандын президенти болуп канча турарымды билбейм, бирок Конституцияга ылайык, эки мөөнөттөн ашык турбайм – бул анык. Башкача айтканда мыйзамдарды, айрыкча Конституцияны оңдоо деген болбойт”, - деди ал.

Мындан эки ай өтпөй, ал Конституцияны өзгөртүүнү демилгелеген. Референдум 5-июнга белгиленген.

Акордо өзгөрүүлөр президенттик бийликти алсыратып, парламенттин ишин бекемдөөгө багытталганын айтып келет. Мындан тышкары президенттин жакындарын жогорку мамлекеттик кызматтарга дайындоого тыюу салынууда. Конституциядан биринчи президент Нурсултан Назарбаев жөнүндөгү беренелер да алынат.

Казакстандын 1995-жылы кабыл алынган азыркы Конституциясы боюнча президент беш жылга шайланат жана бул постту эки мөөнөт катары менен ээлей алат. Баш мыйзамда бул эреже Казакстандын биринчи президентине тиешелүү эместиги жазылган, бирок өзгөрүүлөр кабыл алынса, бул пункт алынып салынат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости