www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт: Камбар-Ата-1 ГЭСи 8 жылдан кийин ишке кирет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын дайрасына салынчу Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Камбар-Ата-1 гидроэлектр станциясынын курулушуна даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөт билдирди.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымдагандай, эки жыл аралыгында жаңы жолдорду, көпүрөлөрдү, имараттарды салуу жана эскилерин калыбына келтирүү, ошондой эле жумушчулар үчүн башка тийиштүү инфраструктура түзүү боюнча иштер жүргүзүлөт

Маалыматка караганда, ГЭСтин биринчи гидроагрегатын сегиз жылдан соң ишке киргизүү пландалууда.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымдагандай, эки жыл аралыгында жаңы жолдорду, көпүрөлөрдү, имараттарды салуу жана эскилерин калыбына келтирүү, ошондой эле жумушчулар үчүн башка тийиштүү инфраструктура түзүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

Сапардын жыйынтыгы боюнча Акылбек Жапаров объектидеги даярдык иштерин сапаттуу жүргүзүүнү камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Камбар-Ата-1 ГЭСи 1 860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,5 миллиард кубдан ашуун көлөмдө суу чогулта алат.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Казакстан менен Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга катышууга кызыгуусун билдирип жатканын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости