www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Окумуштуулар Австралиянын жээгинде аянты 200 чарчы километрге жеткен балырды табышты. Бул – дүйнөдөгү эң чоң өсүмдүк, буга чейинки рекордсменден 465 эсе ашат. Ачылыш жөнүндө The Guardian гезити жазды.
Илимпоздор жээктеги ар кайсы жерден балырдын бир нече үлгүсүн алып, генетикалык кодун анализдеп чыкканда алар бир эле өсүмдүккө таандык болуп чыкты.
Изилдөөчүлөр балырдын жашын 4,5 миң жыл деп эсептешет. Айрым жерлерде узундугу бир метрге жетет. Деңиз астында өскөн бул өсүмдүк суу жандыктарынын жеми жана анда дельфиндер, ташбакалар, балыктардын түрлөрү байырлайт.
Буга чейин дүйнөдөгү эң чоң өсүмдүк деп АКШнын Юта штатындагы Пандо токоюндагы дарак эсептелчү. Бир тамырдан чыккан бактар 0,43 чарчы километрге жайылган.
Булак: NazarNews.kg