www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рим папасы Франциск Орусия баштаган согушта азык-түлүк куралга айланбашы керектигин эскертти.

Понтифик Ватикандагы таат учурунда Украинадан буудайды экспорттоого бут тосууга кабатыр экенин билдирип, өзгөчө жакыр өлкөлөрдө буудайга миллиондогон киши көз каранды экенин белгиледи.

Франциск маселени чечүү, адамдардын тамак-ашка болгон укуктарына кепилдик берүү үчүн бар аракетти көрүүгө чакырды.

24-февралда Украинага басып киргенден бери Орусия өлкөнүн портторун бөгөттөп, буудай жүктөлгөн кемелердин деңизге чыгышына тоскоолдук жаратууда. Киев Москваны буудайды уурдап, өз аймагына ташып жатканы үчүн айыптап келет.

1-июнда Кремл азык-түлүк кризиси каптаса, ал үчүн жоопкерчилик Батыш Орусияга салган санкцияларга жана Киевдин аракеттерине жүктөлөрүн билдирди.

Эске салсак, буга чейин Кытай "Чоң жетинин" (G7) өлкөлөрүнүн буудайдын жетишсиздигине жана азык-түлүк кризисине Орусия күнөөлүү деген билдирүүлөрү саясий провокация, деп атаган.

Ошондой эле Орусия президентинин жардамчысы Максим Орешкин 2022-жылдын соңу глобалдуу ачарчылыктын башталышы болушу мүмкүн деген пикирин айткан болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости