www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия өлкөнүн расмий аталышын өзгөрттү

Түркия мамлекети Бириккен улуттар уюмуна өлкөнүн жаңы расмий аталышы Türkiye деп өзгөртүлгөнүн маалымдады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, билдирүүнү аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жолдогон.

«Президент Эрдогандын жетекчилиги астында жүргүзүлгөн процесс жыйынтыкталды. Өлкөнүн брендин таанытуу максатында эл аралык аренада Turkey деп таанылган өлкө аталышын Türkiye деп расмий өзгөрткөнүбүздү сыймыктануу менен жар салабыз», — деп жазган ал.

Маалыматта Анкара бийлиги бардык эл аралык документтерде өлкөнүн аталышы Türkiye деп көрсөтүлүшүн талап кылганы айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости