www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЕБдин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелдин Европа биримдиги аскердик күчкө айланышы керек деген сөзү — Евробиримдиктеги агрессивдүү азчылыктын көпчүлүккө өзүнүн русофобиялык позициясын таңуулоосу. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго шилтеме берип РИА Новости билдирди.

"Балким мунун баары сөз бойдон эле калчу божомолдор. Бирок отсуз түтүн болбойт", — деди Лавров Сауд Аравиядагы сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында.

Ал белгилегендей, Европа биримдиги "агрессивдүү русофобиялык көз караштарды көп жылдардан бери таңуулап келет".

Лавров кошумчалагандай, аскерлештирилген альянс — Батыштын идеалы.

Орусия менен Евробиримдиктин мамилеси Украинага карата демилитаризация жана денацификация боюнча атайын операция башталгандан тарта кадимкидей начарлады. АКШга куйрук улай эле ЕБ Москвага карата санкцияларды киргизди.

Орусиялык энергоресурстарга болгон көз карандылыкты азайтуу боюнча чакырыктар арбып, ар кыл мамлекеттер көптөгөн россиялык дипломаттарды мекенине жөнөттү. Москва жооп иретинде кастык мамиледе болгондордун тизмесине ЕБдин 27 мамлекетин жана аталган биримдикке кирген дагы 10 өлкөнү киргизди. Азыр ал тизмеге АКШ баш болуп 48 өлкө киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости