www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ширшовдун үй камактагы мөөнөтү эки айга узартылды

"Дастан" ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшовдун үй камагындагы мөөнөтүн эки айга – 26-июлга чейин узартылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.

"Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшов кармалып, бөгөт чарасы 10-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралган. Сот аны 26-майга чейин үй камагына чыгарган.

Алексей Ширшов үй камагына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчү менен чыкканы маалым болгон.

Энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн делген адамдын кармалып, кайра тез эле эркиндикке чыгып кетиши коомчулукта сынга кабылган.

Белгилей кетсек, 30-майда президент Садыр Жапаров "Кабар"маалымат агенттиги менен болгон маегинде өлкөдөгү төрт ири ишкана эмне себептен Санариптик өнүгүү министрлигине өткөрүлгөнүн түшүндүрүп, "Ширшовду кабыл алып, ал билген маалыматты алып жатамбы, демек, кыргыз элинин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керек", -деп билдирген.

Эске салсак, 10-майда УКМК "Дастан" заводунун мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов "Аврора Плюс" эс алуу борборунан кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарган коррупциялык схеманын негизги уюштуруучуларынын бири катары шектелип Жазык кодексинин "Коррупция" беренесинин негизинде кармалганын билдирген. Биринчи Май райондук соту ошол эле күнү аны үй камагына чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости