www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Тышкы иштер министрлиги Кыргыз-Түрк "Манас" университетиндеги "ФЕТО террордук уюму" деген темада өткөн семинар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзөт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Авазбек Атаханов 2022-жылдын 31-майында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде "ФЕТО террордук уюму" деген темада өткөн семинар тууралуу маалымат тараганына байланыштуу, бул эл аралык университет дүйнөнүн эки боордош элинин ортосундагы достукту чыңдоо механизми катары жана Кыргызстан менен Түркиянын сапаттуу жогорку билим берүүгө болгон умтулуусунун көрүнүшү катары түзүлгөнүн айтты.

"Окуу жайдын жетекчилиги эки өлкөнүн элдеринин ынтымагынын духуна таянып, мындай иш-чараларга өзүнүн аянтчасын берип, араздашуунун себилишине салым кошпошу керек", - деди ал.

Анын пикиринде, бул университет эки тараптуу билим берүү жаатындагы эң ийгиликтүү долбоорлордун бири болгондуктан, кандайдыр бир күчтөрдүн саясий инсууациясынын куралына айланбашы керек.

Авазбек Атаханов бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы жалпы коомчулукка жеткириле тургандыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости