www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан менен Орусия Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерге дан эгинин экспорттоого чектөө киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн соода жана интеграция министри Бахыт Султановго шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
"Сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Албетте, биз Орусиядагы кырдаалды түшүнөбүз. Бирок уюмдун ичинде кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүүгө каршы чыгып келебиз. Биз үчүн товардын ээн-эркин сатылганы маанилүү", — деди Султанов.
Ошондой эле ал сүйлөшүүлөр менен катар орусиялык адистер менен бирге анализдер жана эсептөөлөр жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин дан азыктарын РФтен ЕАЭБ мамлекеттерине алып чыгууга 30-июнга чейин, ал эми кумшекерди үчүнчү өлкөлөргө чыгарууга 31-августка чейин тыюу салган токтомго кол койгон. Документке ылайык, буудай, кара буудай, арпа, жүгөрү алып чыгууга болбойт.
Башкача айтканда, эми ЕАЭБ мамлекеттери Орусиядан 30-июнга чейин дан азыктарын ала алышпайт. Бул чечим Орусиянын эгини ЕАЭБ өлкөлөрү аркылуу транзит менен чыгарылып кетпесин деген максатта кабыл алынган. Эми Орусия ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттерге дал ушундай кадамга барууну сунуштоодо.
Бирок региондогу ири экспортчулардын бири болгон Казакстан буга макул эмес.
Булак: NazarNews.kg