www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев Оштогу кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» өткөрмө бекетиндеги чек арачылар өзбек жарандарынан акча жыйнап жатат деп айыптады. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

«Өзбекстан тарапта эч кандай кезек жок. Биздин чек арачылар жасалма тыгын жаратып, өзбек жарандарынан акча талап кылып, кыйнап жатышат. Бир күндө 10 миңден ашык адам кирип чыгат экен. Ошол жердеги жоон топ адамдар атайын уюшуп алып, 200 сом менен жете турган жерге 5000 сом деп кыйнашат экен», - деди депутат.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы депутат Алишер Козуевдин сынына жооп берди.

Мекеме буга чейин дагы ушундай эле дооматтардан улам жергиликтүү бийлик жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен пресс-тур уюштурулуп, акча алуу фактылары аныкталбаганын билдирди.

Өз кезегинде Чек ара кызматы депутатты так фактыга таянууга, мындай билдирүү менен коомчулукту дүрбөтпөөгө чакырды.

Эске салсак, Жогорку Кеңеште буга чейин дагы «Достуктан» өткөндөр акча төлөөгө мажбур болуп жатканы жөнүндө маселе көтөрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости