www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Миңдеген жылдар солк этпей келаткан ааламдын жети керемети баш болгон көптөгөн курулуштар бар. 1984-жылы же кечээ эле ачылган «Ысык-Көл» көп кабаттуу мейманканасы кырк жылга жетпей талкаланууга себеп болду.  «Ысык-Көл» кыргыз үчүн ыйык көл, анда эмнеге тез эле бузулду?  «Ысык-Көл» мейманканасынын бузулган себеби, кыргыздар ыйык эсептеген мазарга курулган. Ал жерде солтолорду, бир гана солтолорду эмес аркалык кыргыздарды орус элине кошууга күч берген Байтик баатыр төрөлгөн. Белгилүү аналитик Табылды Акеров бул  тууралуу зар-какшап айтып, президентке кайрылды. Эгер президенттик хансарай салынып дагы кырк жылга жетпей урап калса эмне болот?

Табылды Акеров: «Жаңы Ак үй Хан Байтик резиденциясы деп аталсын!»

Президентке кайрылуу!

Урматтуу Садыр Нургожоевич! Сиздин кыргыз элинин тарыхына, каада-салтына, улуттук нарк–насилине көңүл бөлүп жатканыңыз коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынып жатат. Сиз жакында эле «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыкка кол койдуңуз. Муну менен Сиз кыргыз элинин улуттук наркын, баалуулуктарын сактоо маселесин көтөрүп, ата-бабаларыбыздан уланып келаткан мурастарыбызды өнүктүрүүнү демилгелеп жатасыз.

Кыргыз элинин байыркы эл экендигин далилдөөнүн кажети жок. Учурунда академик В.В.Бартольд бул туурасында «Кыргыздар Орто Азиянын эң байыркы элдеринен болуп эсептелет. Орто Азияда жашап жаткан элдердин ичинен, азыркы убакта, сыягы, өзүнүн аты тарыхта мынчалык эрте эскерилген бир дагы башка эл жок көрүнөт» - деп баса белгилеген.

Кыргыз эли өзүнүн карт тарыхында нечендеген тагдырдын толгой чалган кыйынчылыктарын жеңип, адамзаттын өнүгүшүнө зор салым кошо алды. Албетте, элибиздин бул эрдиктери оозеки чыгармаларыбызда, дастандарыбызда сакталып калган. Ошондуктан, элибиздин залкар жазуучусу Ч. Айтматов: «Манас» эпосу кыргыз элинин рухунун туу чокусу», - деп айткан эле.

«Манас» эпосу - бул эң биринчи кезекте маданий мурас. «Манас» эпосунда кыргыз элинин байыркы Саян-Алтай доору да кенен чагылдырылганы белгилүү. Анда кыргыздар исламды кабыл ала элек мезгилдеги теңирчилик жана башка диндерге да кеңири орун берилгени өзгөчө маанилүү. Мунун баары биздин ата-бабаларыбыздын бизге калтырган маданий мурасы. Бабалардан калган мурасты сактап калуу - биздин милдетибиз жана парзыбыз.

Бул өңүттөн алганда, биз дайыма кыргыз элинин тарыхына өзгөчө көңүл буруп, анын байыркы жана орто кылымдардагы тарыхын изилдеп, жаңылап жазып, толуктап чыгышыбыз абзел. Биз Барсбек каган, Мукамбет-Кыргыз, Ормон хан, Пулат хан, Боромбай, Байтик Канай уулу, Шабдан баатыр, А.Сыдыков, Ю.Абдрахманов ж.б. Кыргыз мамлекетинин тарыхына, анын түбөлүк саткалып калышына кошкон салымдарын, эрдиктерин унутпашыбыз керек.

Жакында эле Кыргыз Республикаснынын Президентинин Администрация жетекчиси А.Жапаров Байтик баатырдын 200 жылдыгын майрамдоо жөнүндө токтом чыгарганы Сиздин улуттук наркты, мурастарыбызды сактоо жөнүндөгү демилгеңизди толуктап турат. Байтик баатырдын кыргыз элинин өнүгүүсүнө кошкон салымын баалап, ага өкмөт тараптан көңүл бөлүнүп жатышын элибиз колдоору айныгыз чындык.

Бирок, ошол эле учурда, Сизге биз атайы кат жолдоо менен бул иш-чараларды мындан да мыкты жана жогорку деңгээлде өткөрүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар экенин билдиргибиз келип жатат. Жамы журтка белгилүү болгондой, Байтик баатыр Бишкек шаарындагы азыркы «Ысык-Көл» мейманканасы турган жерде, буудай орум болуп жаткан мезгилде жарык дүйнөгө келген.

Баатырдын энеси ошол жердеги бак-даракка көлөкөлөп олтурганда толгоосу келип, Байтик баатыр төрөлүптүр. Буудай оруп, боолап жаткан эл чогулуп, «уулуңардын аты Байтик болсун, ушул турган дарактардын байтиктериндей тукуму көп болсун» деп бата беришкен экен. Кийин ал жер мазар болуп, ары-бери өткөн эл токтоп, тилек кылып турчу жайга айланган дешет. Б.а. бул жер тарыхый жер. Байтик атабыздын киндик каны тамган жер.

Бул жер эл оозунда Байтик баатырга арналып калган ыйык жер. Ошого бул жерге бир нерсе курулса да, Байтик баатырдын ысымы менен байланыштуу болушу шарт. Бул илгертен калаткан салт. Анан калса, ошол жерден бираз өйдөрөктө Байтиктин Баш Бөлтөгү, Кароол дөбөсү жана баатырдын жайы, камбөзү жайгашкан. Бул жерлердин баары Байтик атанын ысымы менен байланышкан.

Белгилүү болгондой, бул жерге Президенттин резиденциясы курулаары жөнүндө мурдараак айтылган эле. Ал гана эмес, бул боюнча азын-оолак иштер да жүрүп жатканы айтылып келет.

Бирок, ошондой болсо да, жогорудагыларды эске алып, бул маселени дагы бир жолу жакшылап иликтеп, туура чечим алууга аракет кылып койгонубуз туура болор дейбиз. Анан калса, эгерде бул жерге резиденция курулуп калса, анда аны Байтиктин аты менен аталганы тарыхый жактан туура болот деген ойдобуз.

Мисалы, Хан Байтик резиденциясы, Хан Байтиктин Ак Сарайы, Хан Байтиктин Ак Ордосу деп аталса болчудай.

Жогорудагылардан улам, биз кыргыз элинин тарыхын, улуттук наркын, баалуулуктарын баалай билген инсан катары Сизге өзүңүз демилгелеп жаткан пробемаларга шайкеш келген аталар мурасын сактоо багытындагы сунуштарыбыз менен атайы кайрылууну туура көрдүк.

Биздин оюбузча, Ысык-Көл мейманканасынын жанындагы жерлерди толугу менен «Манас айылы» этно-маданий комплексине ыйгарып, анын атын өзгөртүп, аны кыргыз элинин мурастарын сактоо максатында жана туристтик багытта «Манас куту» тарыхый этно-маданий комплекси деп атасак туура болчудай.

«Манас куту» комплексинин курамына «Манас такты» Кыргыз Республикаксынын Президентинин резиденциясын, Манастын музейин,  Хан Байтиктин ордосун курсак, Байтиктин мезгилиндеги мазар дарагынын, сак-усундар доорундагы арабанын, Кир II-нин арабасынын, Енисей кыргыздарынын башчысы Иренектин Алтын Өргөсүнүн (Алтын Боз үйдөн болгон) үлгүлөрүн койсо, жыгач үйлөрү (экини), жасалгалары, кийимдери, рун жазуулары, моло таштар, байыркы таштан ат мамылар ж. б. у.с. толгон-токой, түрлүү тарыхый экспонаттар менен жасалгаласак жакшы болот эле.

Мындан башка бул жерге Манастын, Байтик баатырдын, манасчылардын, Байтиктин өз манасчысы Балык ооздун эстеликтери тургузулса, бул жер озунчо бир туристтик борборго айланмак. Бул жерге курула турган имараттар «Манас такты», Манастын музейи, Хан Байтиктин ордосу бир эле учурда ар кандай илимий конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды өткөрүүгө ылайыкташтырылып тургузулса дейбиз.

Ал эми «Манас такты» имаратын Кыргыз Республикасынын Президентти дайыма же утурумдук резиденция катары колдонууга мүмкүн болгудай кылып курулушу өзгөчө саясий мааниге ээ болмок. Анда КР Президенти эл аралык мамилелерге байланыштуу иш чараларын, атайы кабыл алууларын, жолугушууларын өткөрө алмак.

«Манас куту» имараты курултайдын борбору болуп таанылышы керек. Анын актовый залында курултайлар өткөрүп турат. «Манас кутунда» жаш манасчылардын өнөрүн өркүндөтүүчү, конкурстарды өткөрүүгө ылайыкташтырылган маданий имарат да курулса жакшы болот.

Өлкөдө туризмди өнүктүрүү максатында бул комплекстин курамына кирген проектилердин эң негизгилеринин бири болгон «Манас куту» долбоорун Монголияда жана байыркы хуннулардын мекени Ордосто курулган дүйнөлүк теңирчиликтин символун мүнөздөгөн имараттын үлгүсүндө курууну сунуштайбыз.

«Манас куту» комплексинин дүйнөлүк теңирчиликтин символунун негизинде иштелип чыгышы өлкөгө туристтерди тартууга өбөлгө болот. Эгерде бул долбоорду абдан жакшы иштеп чыккан болсок, анда бул жер туристтердин меккесине айланып калаарына шек жок. Дүйнөдө теңирчиликтин символу катары бааланган долбоорлор эки эле жерде бар.

Бири Монголияда, экинчиси Ордосто. Эгерде биз «Манас куту» долбоорун мыкты куруп алсак, ал дүйнөдөгү теңирчиликтин символун даңазалаган баа жеткис тарыхый-этномаданий комплекстердин бири болуп калат деп ишенсек болот.

Ошондуктан, жогорудагыларды эске алып, Сизди «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна курула турган резиденцияны, «Манас айылы» этно-маданий колмплексин куруу маселелерин шашылбай чечүүгө чакырабыз. «Кеңешип кескен бармак оорубайт» дегендей, бул маселени кайра карап, терең ойлонуп, түз кеңешип, туура чечим кабыл алалы.

Демилгечи топтун атынан тарых илимдеринин кандидаты, доцент, кыргыз тарыхын изилдөөчү Табылды Акеров.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости