www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчынын жакындарын саясий кызматтарды ээлешине тыюу салууну киргизүү зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу Токаев бүгүнкү эл өкүлдөрүнүн жыйынында сөз сүйлөп жатып билдирди.

"Мамлекет башчысы бардык жарандар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгышы керек. Андыктан президенттин эң жакын туугандарынын саясий мамлекеттик кызматкерлердин жана квазимамлекеттик сектордун жетекчилеринин кызматтарын ээлөөсүнө мыйзам түрүндө тыюу салуу киргизилет", - деди ал шаршемби күнү парламенттин палаталарынын биргелешкен жыйынында.

Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев Казакстанда, Нурсултан Назарбаевден кийин келген экинчи президент. Аталган өлкөнүн буга чейинки президентинин жакындары чоң кызматтарды аркалап, саясатта белгилүү орундарды ээлеп келгени коомчулукка маалым.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости