www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Январь айында Казакстанда төңкөрүш жасоого аракет кылгандардын арасында жогорку даражалуу инсандар, анын ичинде өз мекенине чыккынчылык кылган аскер жана атайын мекемелердин жетекчилери да бар. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттеги жыйында сөз сүйлөп жатып билдирген.

"Төңкөрүш жасоого аракет кылгандардын арасында белгилүү инсандар болгон. Ата-мекенине чыккынчылык кылган жогорку даражалуу чиновниктер, чыккынчылардын арасында аскер жана атайын мекемелердин жетекчилери бар", — деди Токаев шаршемби күнү кайрылуусунда. 

Анын айтымында, алар укук коргоо органдарынын аракеттерине кийлигишип, шаарлардагы абал боюнча өлкө жетекчилигине жалган маалымат беришкен.

«Бийликти кетирүү боюнча масштабдуу, деталдуу операция болгон, анын максаты жогорку жетекчиликти кетирүү болгон», - деп белгиледи Казакстандын президенти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости