www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев аялдар иштери жана үй-бүлө-демография саясаты боюнча комиссиянын курамын өзгөрттү. Тиешелүү жарлык Акордонун сайтында жарыяланды. Комиссиянын курамынан чыгарылгандардын арасында Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин аялы Сара Назарбаева да бар.

Президент комиссиянын жаңы мүчөлөрүн сунуштады. Токаев комиссиянын төрайымдыгына өз администрациясынын башчысынын орун басары Аида Балаеваны тандады. Мурда комиссияны жетектеген Лаззат Рамазанова төрайымдын орун басары болду.

Эске салсак, кандуу Январь окуяларынан кийин Назарбаевдин жакын адамдарынын көбү кызматтан кеткен. Учурда анын маркум инисинин улуу Кайрат Сатыбалды жана мурдагы кудасы Кайрат Боранбаев акчанын изин жашырууга байланыштуу камакта отурат. Мурдагы президенттин тун кызы Дарига Назарбаева депутаттык мандатын тапшырып берген.

81 жаштагы Сара Назарбаева “Бөбөк” балдар фондунун президенти, ал акыркы жылдары эл алдына өтө сейрек чыгат. Ал күйөөсү Нурсултан Назарбаевди чет өлкөлүк сапарларга коштоп барчу эмес жана аны менен чогуу расмий иш-чараларга катышкан да жок. Өлкөдө түгөйлөр эки башка жолго түшкөнү, Назарбаевдин жаңы үй-бүлөсү пайда болгону айтылып келген. OCCRP уюму өз иликтөөсүндө мурдагы президенттин бейрасмий жубайы 40 жаштагы Асель Курманбаева экенин жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости