www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 26-майда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Алдыдагы визит алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болот. Өлкө лидерлери тар жана кеңири курамда эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жолго коюунун жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Мындан тышкары, эки тараптуу мүнөздөгү бир катар документтерге кол коюлат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости