www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү келе жаткан кризистердин негизги күнөөкөрлөрү — АКШ, Канада жана Швейцария. Алар энергетика жана азык-түлүккө болгон баанын көтөрүлүшүнө себепкер болду. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володинге шилтеме берип РИА Новости жазды.

Володин Орусияга каршы санкцияларды киргизген өлкөлөрдү тизмектеди. Алар: АКШ – 1 983, Канада — 1 402, Швейцария — 1 361, Улуу Британия — 1 360, Европа биримдиги — 1 199, Австралия — 1 150, Япония — 902.

Парламентарий учурда РФке каршы жалпысынан 10 536 санкция бар экенин айтты. Алардын ичинен 7 782си Украинадагы атайын операция башталган 24-февралдан кийин киргизилген.

"Орусияга каршы мыйзамсыз санкцияларды киргизүү менен бул мамлекеттер энергетикалык ресурстарга жана азык-түлүккө болгон баанын көтөрүлүшүнө түрткү болушту. Булар дүйнөдөгү учурдагы көйгөйлөрдүн жана боло турган кризистердин негизги күнөөкөрлөрү", — деди Мамдуманын спикери.

Эске салсак, бир катар Батыш өлкөлөрү Украинадагы кырдаалга байланыштуу Орусияга каршы экономикалык санкцияларды кабыл алган.

Мисалы, Евробиримдиктин өлкөлөрү орус мунайынан жана газынан баш тартуу мүмкүнчүлүгүн олуттуу карап жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости