www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токио-2020: Бишкекте күрөш боюнча мелдеш өтпөй калдыбы?

Бишкектеги Олимпиада оюндарына лицензия бере турган күрөш боюнча мелдеш өтпөй калды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Белгилей кетсек, мелдеш 27-29-мартта Бишкек шаарында өтмөк.

Мындай чечимге коронавирустун дүйнөгө тездик менен тарашы себеп болгон. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкуловдун жетекчилиги астында өткөн ыкчам жыйында аталган мелдешти өткөрбөө боюнча чечим кабыл алынган.

Эскерте кетсек, буга чейин күрөш боюнча мелдеш Кытайдан Кыргызстанга жылдырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости