www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токио Олимпиадасы: Лицензиялык турнир Бишкекте өтөт

Япониянын Токио шаарында боло турган Олимпиада оюндарынын күрөш боюнча лицензиялык турнири Бишкек шаарында өтөт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунан билдиришти.

Маалыматка таянсак, Олимпиада оюндарынын күрөш боюнча лицензиялык турнири 27-29-мартта Бишкекте  өтөт.

«Кыргызстандын өкмөтү менен күрөш федерациясы маанилүү иш-чараны өткөрүүнү кабыл алганына биз кубанычтабыз. Турнирдин жылып кетиши идеалдуу эмес. Бирок биз спортчулардын абалын эске алышыбыз керек. Ошондой эле тандоо турнирине катышууну каалаган спортчуларга мындай мүмкүнчүлүк бар экенине кепилдик беришибиз керек», - деп билдирди  уюмдун президенти Ненад Лалович.

Муну менен катар Жайкы олимпиадага тандоо турнири Бишкек шаарында уюштуруларын расмий түрдө тастыктап, азырынча иш-чарага кайсы мамлекеттерден канча спортчу келери айтыла элек экенин кабарлады.
Белгилей кетсек, Токио Олимпиадасына лицензия берген күрөш боюнча турнир 27-29-март күндөрү Кытайдын Сиань шаарында болмок. Бирок коронавирустун айынан аны Кыргызстанда өткөрүү сунушу Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) тарабынан киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости