www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төкмө акын, КРдин эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалык кызматынан кетти. Бул тууралуу ал Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Болгонбаев 2017-жылы КТРКнын Байкоочу кеңешине мүчө, ал эми быйыл февралда төрага болуп шайланган.

"Үч жыл алкагында сунуш, пикир, талаш-тартыш маселе кыйла эле жүрдү, чын дилимден мыйзамда көрсөтүлгөн талап боюнча иш алып барганга аракет кылдым. 11-август күнү Байкоочулук кеңештеги төрагалык жана мүчөлүк укугумду өз каалоом менен токтоттум. Колдон келген иш болду, албетте, колдон келбегени да болду. Колдоо көрсөткөн ар бир инсанга ыраазычылык билдирем", — деген акын.

Ал мындан ары чыгармачылык менен алектенерин кошумчалалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости