www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаарында 3 жаштагы кызды уурдоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга 28-февралда 22 жаштагы аял киши кайрылып, 1985-жылы туулган А.Р. аттуу жаран анын кызын уурдап, Токмоктун батыш тарабына качып кеткенин билдирген.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. ШИИБ жана прокуратуранын жетекчилиги астында ыкчам штаб түзүлүп, «Кармоо» планы жарыяланган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кыздын жана шектүүнүн жери аныкталган, алар шаардын четинде болушкан. Бүгүн, 1-мартта шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайга киргизилди.

Тергөө учурунда аталган жарандар 2024-жылдын февраль айынан октябрь айына чейин жарандык никеде жашап келгени аныкталган. Аялдын биринчи никесинен 2021-жылы туулган Ж.А. аттуу кызы болгон.

Октябрь айында ал Россияга иштегени кетип, 25-февралда кайтып келген. 28-февралда алар Токмоктон Бишкекке чогуу келе жатышканда жолдо кызганычтын айынан чыр чыккан. А.Р. унааны токтотуп, аялды түшүрүп, анын кызы Ж.А.ны унаага салып, из жашырган.

Бул факт боюнча тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалды, тергөө уланууда.

Последние новости