www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаарында эки окуучуну сүзүп ордунан из жашырып кеткен аял унааны жеке кызыкчылыгы үчүн айдап жүргөндөн улам, камсыздоо келтирилген чыгымды төлөп бербейт деп жол кырсыгы катталган жерден кетип калган. Андан кийин ал милицияга туура эмес маалымат берген. Бул тууралуу

2020-жылдын 20-июнунда Токмок ШИИБне жол кырсыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Маалыматка караганда, жол кырсыгы саат 20:20 чамасында болуп, 18 жаштагы жаш баланын башкаруусундагы мотоциклди белгисиз унаа сүзүп, из жашырып кеткен. Анын кесепетинен мотоциклдын айдоочусу жана анын 16 жаштагы жүргүнчүсү ооруканага жеткирилгендиги менен айдоочунун өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

Ал “Автотранспорттук каражатты колдонууда коопсуздук эрежелерин бузуу” фактысы боюнча иш козголгон.

Издөө иштеринин натыйжасында 35 жаштагы келиндин башкаруусундагы “Хендай Авенте” унаасы табылып, айдоочу дароо Токмок ШИИБне жеткирилген.

Тергөө маалында айдоочу келин такси кызматында иштей тургандыгы маалым болгон.

“Биринчи суракта айдоочу унаасын кардардын чакыруусу менен бара жатып, мотоциклды сүзүп алгандыгын айткан. Бирок, көп өтпөй ал көрсөтмөсүн өзгөртүп, ал күнү унаада апасы, бир тууганы жана курдашынын жашы жете элек балдары болгондугун билдирген”, – деп ШИИБден кабарлашты.

Ал эми алгачкы суракта жалган маалымат бергендигин келин унааны жеке иштер менен башкарып бара жатып, жол кырсыгына кабылган маалда чыгымды таксинин айдоочусу жабуу керектиги менен түшүндүргөн.

“Учурда таксинин айдоочусу Токмок ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына жеткирилип, унаасы айып аянтчасына токтотулган. Бирок, бул иште келишпестиктер дагы болуп жаткандыгы маалым болду. Унаада таксист келин менен бара жаткандар рулда дал ушул аял болгондугун айтып жатышса, ал маалда рулда башка адам болгон деген дагы күбөлөр чыгууда, – деп милициядан билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости