www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаарында жаш келин кайын сиңдиси менен бирге күйөөсү тымызын жолугуп жүргөн кызды сабап салышкан. Алардын иши сотто каралып, сот айыпталуучуларды шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.

- Айнура (аты өзгөртүлгөн А.К.Т.) 1999-жылдын 2-июнунда Чүй облусунун Токмок шаарында туулган, орто билимдүү, убактылуу жумушсуз, үй-бүлөлүү, эки баласы бар, мурда соттолгон эмес. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (“Бир топ адамдар тарабынан жасалган бейбаштык”) боюнча айып тагылган.

- Камила (аты өзгөртүлгөн К.Э.К.) 2004-жылдын 11-августунда Чүй облусунун Токмок шаарында туулган, билими орто, убактылуу жумушсуз, үй-бүлөлүү, мурда соттолбогон. Ага дагы Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (“Бир топ адамдар тарабынан жасалган бейбаштык”) боюнча айып тагылган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын 21-апрелинде саат 01:50 чамасында Айнура менен Камила Айнуранын күйөөсү Айбек (аты өзгөртүлдү А.Ш.К.) Карина менен (аты өзгөртүлдү К.Д.А.) жашыруун сүйлөшүп жүргөнүн билип калышкан. Жаш келин күйөөсүн кызганып, кайын сиңдиси Камила менен Каринаны үйүнө барып, табышкан эмес. Бирок кайтып келе жатып "Сакура" кафесинин жанынан Айбектин "Крайслер" үлгүсүндөгү автоунаасынын ичинде Карина менен кучакташып отурганын көрүп калышкан. Саат 02:20 чамасында кызганычтан улам соттолуучулар Каринаны үйүнүн дарбазасынын жанынан сабап, денесине ар кандай жаракаттарды келтиришкен.

Соттук-медициналык экспертизанын 2023-жылдын 2-майындагы корутундусуна ылайык, Каринанын денесинен алган жаракаттары: баш мээсинин чайкалышы түрүндөгү жабык баш мээ жаракаты, желке бөлүгүндө көгөргөн жараат, оң ийинин, сол санынын көгала жаракаты, оң ийинин арткы бетине курч нерсе менен сайылган жаракат, оордугуна жараша денеге жеңил залал келтирилип, анын натыйжасында кыска мөөнөттүү ден соолуктун бузулушу.

Отурумда айыпталуучу Айнура жасаган кылмышы боюнча күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, күйөөсү башка кыз менен сүйлөшүп жүргөнүн 8 ай мурун билип калганын, ал күйөөсүнүн телефонунан Карина менен жазышканын окуп калганда анын телефон номерин сактап калганын айткан. Бир жумадан кийин ал окуяны тактоо үчүн Каринага жазган. Айнура Айбектин жубайымын деп өзүн тааныштырганда Карина ага "баарын билем" деп жооп берген. Келин күйөөсү менен байланышты үзүүнү суранганда, Карина баш тарткан.

Айыпталуучунун айтымында, 2022-жылдын ноябрында Каринанын күйөөсүнө жазганын экинчи жолу окуп калган. Ал оператор болуп иштеген кайын сиңдиси Камилага чалып, Каринанын каякта жашай турганын билип берүүнү суранган. Андан соң Б. жана Ы. аттуу достору менен Каринанын үйүнө барып телефон чалып, сыртка чыгуусун суранышкан. Карина сыртка чыкканда Айнура Айбек экөөнүн ортосунда эки баласы бар экенин айтып түшүндүргөн. 

2023-жылдын 21-апрелинде Айнура күйөөсү менен конокко барып, саат 20:30дар чамасында үйүнө келишкенде күйөөсү досторуна бара турганын айткан. Андан кийин келин кайын сиңдиси Камилага телефон чалып, ага барарын айткан. Келгенден кийин Айнура Каринанын үйүнө барарын билдирген. Бирок кайын сиңдиси коё бербей, чогуу барууну чечишкен. Каринанын үйүнөн өзү эмес иниси чыгып, болгон окуянын баарын ага айтып беришкенде, ал бул тууралуу билбээрин айтып, Карина менен сүйлөшөм деп жооп берген. Алар келе жатып Айбек менен Каринаны унаанын ичинде кучакташып отурганын көрүшкөн. 

10 мүнөттөн кийин Айбек Каринанын үйүн көздөй айдаган, Айнура менен Камила алардын артынан жөнөшкөн. Каринанын үйүнө келери менен ал чуркап барып, аны токтотуп, бир жолу урган, бирок кайда урганы эсинде жок экенин айткан. Карина караңгы болгондуктан жерге жыгылган. 

Соттолуучу Айнуранын айтымында, жабырлануучу 100 миң сом сураган, бирок анын эки жашы жете элек баласы бар болгондуктан, эч жерде иштебегендиктен, пробациялык көзөмөл жүргүзүүнү соттон өтүнгөн.

Сот отурумунда айыпталуучу Камила жасаган кылмыш ишин мойнуна албай, сотко 2023-жылдын 22-апрелинде саат 01:00дөр чамасында агасынын жубайы келгенин айткан. Жеңеси агасына Карина аттуу кыз чалып жатканын, Айнура ал кыздын үйүнө баргысы келгенин айтканда, ал аны коё бербей, чогуу барганын билдирген. 

Экинчи жолу, Камила айткандай, Каринанын үйүнө келгенде Айнура эмоция менен машинадан түшүп, Каринаны көздөй чуркап жетип, алардын ортосунда чыр-чатак чыккан. Андан соң, экөөнү ажыратканы чыкканда, Карина анын көзүнө урган. Ошондон кийин агасы чыгып, жаңжалды токтоткон. Камила Каринаны сабабаганын, учурда ал төрөт алдындагы абалда экенин айтып, буга байланыштуу ал соттон күнөөсүз деп өкүм чыгарууну суранган.

Сот отурумунда суракка алынган жабырлануучу Карина 2022-жылдын май айында аны Ю аттуу досу Айбек менен тааныштырып, андан кийин сүйлөшүп башташканын айткан. Айбек үй-бүлөсү бар экенин, бирок алар менен жашабаганын, андан кийин 2022-жылдын ноябрында Айнура эки курбусу менен анын үйүнө келип, баарын териштирип баштаганда дароо Айбекке окуя тууралуу айтып, ага жолукпай турганын билдирген, бирок Айбек ага чалып, жазганын токтоткон эмес.

2023-жылдын 21-апрелинде саат 20:00 чамасында Айбек менен жолугуп, саат 02:20га чейин чогуу отуруп, жигит аны үйүнө жеткирип, дароо кетип калган. Ал үйүнүн дарбазасына жеткенде, машинанын келе жатканын уккан. Машинадан эки кыз түшүп, чуркап келип, анын чачынан кармап, аны үйдүн короосуна сүйрөп киришкен.

Жабырлануучу Каринанын айтымында, келгендердин бири Айбектин жубайы экенин таанып калган. Карина, өз сөзүндө, жерге жыгылып, анын денесине залал келтире башташкан. Ошол маалда Каринанын агасы чыгып, экөөнү ажыратып, артынан апасы чыгып, кыйкыра баштаган. Айнура Карина менен сүйлөшкүсү келгенин айтканда, ал макул болбой койгон.

Жабырлануучунун айтымында, Айнура Каринадан номерин алмаштырып, Айбек менен мамилесин үзүүнү суранган, бирок Карина "андай кылбайм" деп жооп берип, апасы менен үйүнө кирип кеткен, агасы алар менен сүйлөшүү үчүн калган. Карина денесинен жаракат алып ооруканада жаткан. Буга байланыштуу соттон акыйкат чечим чыгарууну суранган.

Иштин материалдарын карап чыгып, Токмок шаардык соту 2023-жылдын 23-июлунда экөөнү тең күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда сот Айнура менен Камилага 1 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлдү колдонуп, аларды эркинен ажыратуу жазасынан бошотту.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости