www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Темирлан кыргыз беле?

«Бабыр намэ» китебин улуу кол башчы Захирддин Бабыр  жазган. Ал 1483 жылы туулуп 1530 жылы көз жумган. Анын атасы Өмүр Темирландын небереси, Аксыда каза болгондон кийин 1494-жылы 11 жашында мураскер катары Фергана өрөөнүн башкарып калган. Бабыр өзүн өзбектерден бөлүп көрсөтүп, мындай деп жазат: «Кулжа айында Шейбани хан баштаган өзбектер бизге каршы жортуул жасады. Маргалаңдын эли сарттар, булар чыр жана тынчы жок. Исфаранын эли да сарттар бирок булар персче сүйлөйт (азыркы тажиктер). Атам жайында дайыма моңолдордун ак калпагын кийип жүрөр эле. Атам кышында аскери менен муз аркылуу өтүп барып өзбектерди талкалап , алар талап келаткан келе жаткан туткундар менен малдарды өз ээлерине кайтарып берди». Кулжа айы ай аты, моңол деген уруу, ак калпак кыргызда гана бар. Ушул жерде Бабырдын кыргыздын моңол уруусунан экендиги даана көрүнүп турат. Бабыр кийинки согуштарда Фергана өрөөнүн таштап Ооганстанга (Оогон деген сөз, ооп барган дегенден улам чыккан) барып 1525 жылдары, Пакистан, Индияны кошо камтыган чоң империя түзгөн. Бабырдын түздөн-түз урпактарынан болгон белгилүү мамлекеттик ишмер Сони Ганди 1995-жылы Ошко келип түпкү атамдын мекени деп сыйынып кеткен. Оштогу  Сулайман тоодогу үжүрөнү Бабырдын тайатасы Жунус хандын уулу Мамыт хан салган. Жунус хан Чыңгыз хандын экинчи уулу Чагатай хандын түз тукуму болгон. Мына ушуларга карабастан кыргыздар өзүбүздүн Бабыр бабабызды билбей келебиз.

Кыргыз кечээ эле жаралса, күчтүү элдер ал тууралуу сөз кылмак эмес. Орус мамлекети Чыңгызхандын 300 жылдык эзүүсүнөн соң курула баштаган. Ал эмес он алтынчы кылымда түзүлүп калган орус империясын башкарган Иван Грозныйдын аталары Крым татарларына “дань” берип турган. Грозный Казанды жана башка монгол империясына тиешелүү шаарларды алып, “дань” берүдөн баш тарткан. Иван Грозныйдын энеси Глинская Мамайдын түздөн-түз урпагы, демек Грозный  кадимки эле Кулиководогу салгылашуунун ана башы Мамайдан тарайт экен.Кытайдын ШИ-АН шаарында императорлордун көрүстөнү бар. Анда 64 таш эстелик, 550-1140 жылга чейин орнотулган. Анын ичинде 14 эстелик кыргыздын каган, ажолорунуку. Статуянын артына чегилип: Улуту, наамы, башкарган жана көз жумган жылы оюлган. Баштары ар кандай себептер менен сакталбай калган.

  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости