www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Токмок шаарында мектеп окуучусу асынып алды. Бул тууралуу маалыматты Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, төмөнкүлөргө токтолду.
Маалыматка ылайык, 16-февралда Токмок ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу көчөсүндө жайгашкан үйдөн 2008-жылы туулган М.Х. аттуу тургун өз жанын кыйгандыгы боюнча кабар келип түшкөн.
Бул факт Токмок РИИБи тарабынан КБРге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүү учурунда өспүрүм М.Х. мектепте мыкты окуп, олимпиадаларга катышып, үлгүлүү окуучулардын катарын толуктаган.
16-февраль күнү саат 11:00 чамасында М.Х. өз үйүнүн уктоочу бөлмөсүндө асынып алып, жанын кыйган. Маркумдун сөөгүн кароодо зордук-зомбулуктан жабыркаганы аныкталган эмес.
Бул факт боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда. Анын жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык чечим чыгарылат.