www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаарындагы сауналардын биринде 13 сойку кармалды. Алар менен биргеликте ишти уюштурган деп шектелген эки аял милиция бөлүмүнө жеткирилгенин Чүй облустук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция 8-февраль күнү ыкчам издөө иштерин жүргүзгөн. Сойкукана уюштурулду делген үч сауна табылып, анын биринен 13 аял кармалган.

"Алардын курагы 24 жаштан 39 жашка чейин. Булардан тышкары, уюштуруучу деп шектелген 66 жана 51 жаштагы эки аял милиция бөлүмүнө жеткирилди. Ошол эле саунадан курал жана электрошокер табылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш уланып, мындай ишмерлик менен алектенген башка мончолорду аныктоо иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости