www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын Ахваз шаарында эркек киши көп адам топтолгон аянтта 17 жаштагы аялынын башын алды. Бул тууралуу «Иран Интернэшнл» маалымат агенттиги жазды.

Маркум күйөөсүнөн качып, Түркияга кеткен. Бирок анын атасы күйөө баласына жардам берип, кызын Иранга алып келүүгө жардам берген. Кайын ата менен күйөө бала бир-бири менен жакын тууган экени белгилүү болду.

Келиндин башын алууга кылмышкердин бир тууганы жардам берген. Ага-ини окуя болгон күнү кармалышкан.

Полициянын маалыматына караганда, кылмышкер аялын үй-бүлөлүк маселеден улам өлтүргөнүн айтты. Бирок ал эмне маселе экенинат тактаган жок.

Маркум келин 14 жашында бала төрөгөнү айтылып, бул окуя кылмышка себеп болушу мүмкүн деп каралууда.

Активисттер жана укук коргоочулар бул үрөй учурган окуя Иранда үй-бүлөгө жаман сөз тийгизгендиги үчүн колдонулган кадыресе көрүнүш экенин айтат. Мисалы, Ирандын конституциясына ылайык, күйөөсү аялын ойношу менен кармап калса, жубайын өлтүрүүгө укугу бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости