www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Киевде Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен Украин мамлекет башчысы Владимир Зеленскийдин сүйлөшүүсү болду. Маалым болгондой, буга чейин, Макрон Москвада президент Владимир Путин менен беш сааттык сүйлөшүүдө украин-орус чек арасындагы абал талкууланган.

Өз кезегинде Француз президенти "конкреттүү коопсуздук кепилдиктерин"сунуш кылганын билдирди. Анын айтымында, орус лидери ошол багытта иш алып барууга даярдыгын, Украинадагы стабилдүүлүктү жана аймактык бүтүндүгүн сактоо каалоосун ортого салды.

Франциянын президенти орус лидеринин көз караштары айрым маселелерде Евробиримдиктин позициясынан айырмаланарын билдирди. Макрон "чыңалуу күчөбөйт, кырдаал курчубайт" дегенге жетишкенин Киевдеги аэропортто чогулган кабарчыларга маалымдады.

"Менин максатым эскалациянын алдын алуу, жаңы преспективаларды ачуу болчу. Мен ага жетиштим", - деп айтты француз лидери.

Елисей сарайынын маалыматына караганда, Макрон тараптар аскердик аракеттерге барбайт жана стартегиялык диалог баштайт деген милдеттенме алсын деп сунуш кылды. Ошондой эле орусиялык 30 миң жоокер машыгуудан кийин Беларустан алынып кетет деген кепилдик тууралуу сөз болгону айтылды.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президенттердин кездешүүсүнө ашыкча үмүт артпасын, де-эскалация тууралуу келишимге жетишилбегенин, бирок жолугушуу бул багытта иш алып барууга пайдубал түзгөнүн билдирди.

Батыш Москва 100 миңден көп жоокерин жана техниканы украин чегине тартуу менен кошуна өлкөгө басып кирүүнү көздөйт деп чочулайт. Кремл андай планы жоктугун айтканы менен, аскерлерин алып кетүү үчүн Батыштан кеңири коопсуздук кепилдиктерин талап кылууда. Орусия "Украина НАТОго кошулбашы керек" деген шарт койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости