www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмоктон канатыңды кайрып алдың…

Кечээ 11-майда, УКМКнын тергөө башкармалыгы Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынан депутат Канат Исаевге козголгон кылмыш ишине байланыштуу айыбын угузду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат бөлүмү кабарлайт. Анда айтылгандай, Канат Исаев Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турган кезинде муниципалдык жер тилкесин соода комплексин курам деген жеке тарапка арзан баада сатып жиберген.

Ошондой эле мэриянын башка кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланган автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу компанияга берип койгон. Жогорудагы мыйзамсыз иштердин аркасында Исаевдин жана башка жооптуу кызматкерлер мамлекетти олчойгон чыгымга дуушар кылышкан.

Эске салсак, Исаевге байланышкан кылмыш ишин Башкы прокуратура апрель айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген. Коррупция беренеси боюнча кине тагылып, Токмоктон канатын кайрып алган депутат эч жакка “дыр коюп” кетпесин билдирген тил кат жазып берип үй камагына алынды.

Булак: "egemen.kg"

Последние новости