www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алжирдин соту бир адамды өлтүрүп, денесин кордогон 49 адамды өлүм жазасына кескенин жергиликтүү маалымат булактары жазды.

 Alarabiya порталынын маалыматы боюнча, эл алдында жазалоого катышкан дагы 22 адам ар кандай мөөнөткө абакка кесилген.

Дар-эл-Бейдадагы (Алжирдин баш калаасынын чет жакасы) Биринчи инстанциядагы кылмыш соту каза болгон жаш жигиттин денесине кордук көрсөтүү иши боюнча 49 айыпталуучуга өлүм өкүмүн чыгарды.

38 жаштагы Джамел Бен Исмаил өрт коюуга шектелип жатканын билгенден кийин полиция бөлүмүнө барганда сабалып, өрттөлүп өлтүрүлгөн. Алжирдеги токой өрттөрү өлкө боюнча кеминде 90 адамдын өмүрүн алды.

Кийинчерээк Исмаил аймакка ыктыярчы катары барып, өрттөрдү өчүрүүгө жардам бергени белгилүү болгон. Алжирдин борбору Дар-эл-Бейда шаарынын чет жакасындагы сот 24-ноябрда "анын сөөгүн өлтүрүп, денесин жиликтеп салганы үчүн 49 кишини өлүм жазасына кескен".

Алжирде 1993-жылы акыркы өлүм жазасына тартылгандан бери өлүм жазасына мораторий киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости