www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Делегат: Чаткалдын тешилбеген жери калган жок

Азыркы учурда Чаткал экологиялык катастрофага учурап жатат. Мындай пикирин Жалал-Абад облусунан келген делегат Жылдызбек Абакир уулу бүгүн, 26-ноябрда өтүп жаткан Элдик курултайда билдирди.

"Жалал-Абад облусунун Чаткал району абдан көйгөйлүү аймактардын бири. Шарты абдан катаал. Кен тармагы боюнча чоң көйгөйлөр бар. Биринчиден, Чаткалдын тешилбеген жери калган жок. Жүздөн ашуун лицензия сатылып кеткен. Аларды кайра кайтарып алууну сизден суранабыз, Садыр Нургожоевич. Бүгүнкү күндө алар салык гана төлөшөт. Ал эми мамлекетке эч кандай үлүш төлөшпөйт. Бул маселени кандай кылабыз? Бюджетти көтөрөбүз дейбиз, бирок аны көтөргөнгө аракет кылбайбыз. 

Азыркы учурда Чаткал экологиялык катастрофага учурап жатат. Суубуз булганып жатат. Эл чыгып тополоң кылайын десе, кызматкерлер басып коёт. Эмне кылабыз муну? 

Мисалы, мен жашаган жердеги Терек-Сай, Кызыл-Токойлор лицензиялык аянттарга берилип кеткен. Мен туулуп, өскөн жер, бакчам да берилип кеткен. 

Чаткал тоолуу, кышы катаал болгондуктан элдин саны аз. Жогорку Кеңешке көйгөлөрүбүздү жөнөтөбүз бирок, эч жетпейт. Чаткал менен Ала-Бука биригип 2005-жылдан бери бир депутатты шайлайбыз (ред. Азизбек Турсунбаев) бирок, ал адамдын биздин көйгөйлөр менен иши жок. Аны биз он жылда бир көрөбүз, бир басып келбейт. 

Жогорудагы маселелерди жеринен чечип бербесеңиз мен кетпейм", - деп президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Садыр Жапаров айтылгандарга жыйындын аягында жооп берүүнү убада кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости