www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Союз мезгилинде Кыргызстандын Чек ара кызматы дегеле болгон эмес. Мындай пикирди Кыргызстандын акыйкатчысы, генерал-лейтенант Токон Мамытов айтты. 

--"Союз мезгилинде Кыргызстандын Чек ара кызматы дегеле болгон эмес. Биздин чек арабызды Орусиянын чек арачылары кайтарып калды го. Керек болсо армиябыз да жок эле. Кыскасы, Коргоо министрлигин реформа кылып, мобилдүү, кесипкөй 9 миңдин тегерегиндеги чакан армия түзүүнү пландадык.

Баткенге, Жалал-Абадга, Ошко, Токмокко же Бишкекке аскердик бригадаларды уюштурууну сунуш кылдык. 1999-2000-жылдардагы Баткендеги, кийин Ооганстандагы, Чеченстандагы окуяларды эске алып, тоолуу аймакта коргонуу жөндөмдүүлүгү бар мобилдүү армия түзүү идеясы чыккан. Кыскасы, реформалык программабызды жазып алып, президент Курманбек Бакиевге, премьер-министр Игорь Чудиновго алып кирдик, “жакшы экен” деп жактырышты. Бирок, каражаттын жоктугунан ал реформа ишке ашпай калган", - дейт Мамытов. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости