www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Токон агай, Афганистандагы абалдан кийин бири талибдерден чочулоонун кажети жоктугун айтса, экинчиси террористтик уюмдар баш көтөрөрүн, абал мындан ары башка нукка буруларын, Борбор Азияга башка улуттагы террористтер агыларын билдиришүүдө. Афганистандагы абал чын эле кошуналарга коркунуч жаратабы?
- Бүгүнкү Афганистандагы болуп жаткан саясый аскердик кырдаалга баа берип, анализ жүргүзгөндө, эки жыйынтык чыгарсак болот. Биринчиси, азыркы мезгилде талибандар Борбор Азияга коркунуч алып келе албайт. Бирок, келечекте бул кыймыл жана Афганистанда калыптанган саясый аскердик кырдаал талибандардын ички-тышкы саясаты Борбор Азияга жана анын ичинде Кыргызстанга да коркунуч алып келиши мүмкүн.
- Эмне үчүн бүгүнкү күнү Афганистандагы окуялар бийликке келген талибдер жана алардын куралдуу күчтөрү Орто Азияга коркунуч жаратпайт?
- Себеби, биринчиси, булар бийликке келгенден кийин бийлигин түптөп, бекемдеши керек. Экинчиси, ички жана тышкы саясатын аныкташы зарыл. Ошондой эле социалдык-экономикалык маселелерин чечиш үчүн Афганистандын өнүгүүсү боюнча кандайдыр бир экономикалык программасы болушу керек. Үчүнчүсү, Афганистан көп улуттуу мамлекет болгондон кийин улуттар аралык биримдикти бекемдөөгө аракет кылып, афган элин, коомун бирдиктүү эл катары калыптандырууга болгон аракетин жумшашы шарт. Ошондой эле талибдер эл аралык деңгээлде бийлигин мыйзамдаштырышы керек. Анткени, эл аралык уюмдар жок эле дегенде коңшу 10-15 мамлекет буларды таанышы кажет. Алардын бийлигин тааныган мамлекеттер менен дипломатиялык, жок эле дегенде соода жагынан карым-катнаш түзүүгө умтулушу зарыл. Кыскасы, булар ушундай маселелерин жолго салмайын Орто Азияга коркунуч жарата алышпайт. Дагы бир нерсени эске алсак, коңшу мамлекеттерге куралчан кол салуу кандайдыр бир деңгээлде ресурстарды талап кылат: саясый, финансылык, техникалык ж.б. Азыркы учурда мандай ресурстар талибдерде аздык кылат.
- “Талибан» деген бирдиктүү кыймылбы? Эгер бирдиктүү кыймыл болсо, неге жаңы бийлигин «тааныбайбыз» деген талаа командирлери чыга баштады?
- Көптөр «талибан» дегенде бирдиктүү кыймылдын ынтымактуу куралдуу күчтөрү бар (!) дегендей ойлошот. Чынында андай эмес. Ар башка максаттагыларды “Кабулду алабыз, азыркы бийликти тактан кулатабыз” деген лозунгдар гана бириктирген. “Кабулду алабыз” деген идеянын алдында ар кайсы агымдар баш кошуп, максатына жетишти. Бирок, мындан ары «ким кызматка келет? Ким байлыкка да, бийликке да жетет? Ким четте калат?» деген карама-каршылыктар талибан ичинде да, азыркы Кабулга келген бийликтин ичинде да карама-каршылыктарды жаратат. 200дөн 2000-3000ге чейин аскери бар айрым талаа командирлери бүгүнкү күндө “талиб болгонубуз менен көз карашыбыз башка, азыркы Кабул бийлигин тааныбайбыз” деп чыгышып, “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” дегендей боло башташты. Тартипке баш ийбеген ээнбаш командирлер, ар башка күчтөр өз коктусун ойлобой, жалпы Афганистан мамлекетинин, элинин кызыкчылыгын ойлошу керек (!) деген багытта дагы иш алып барышы керек.
Мындын тышкары, афган вице-президенти А.Салех жана аскер командачысы Ахмад Мосуд талибдерге каршылык көрсөтүү үчүн чоң күчкө биригишти. Бул процесстер туура багытка бурулганча бир канча убакыт өтөт. Бирок, канчалык элдин тилин таап, көйгөйлүү маселелерин ылдамыраак чечсе, ошончолук жакшы болот. Эл биригип, талибандын ичиндеги күчтөр, улуттар бириккенден кийин сырт жакка көз арта башташы мүмкүн. Бирок Борбор Азиядан мурун булар кызыккан дагы бир нерсе бар. Талибандын көп маселелеси Пакистан менен байланыштуу. Пакистан менен Индияда карама-каршылыктарды жараткан Кашмирде жердин жана башка ресурстар боюнча талаш жагдайлары арбын. Мындайча айтканда, Кашмир көйгөйү Кавказдагы Карабак маселесиндей орчундуу маселелердин бири. Менин жеке пикиримде, булар Орто Азиядан мурун ошол жакка көңүл бурушат. Анткени, Пакистанда “талибдерди Кашмир маселесине колдонсок туура болот” деген күчтөр бар. Ошон үчүн Орто Азияга азыр эмес, кийинчерээк көңүл бурушса керек.
- Демек, “Орто Азияны бутага албайт” деген кепилдик жок экен да?
- “Орто Азияга кол салып, бул жерде жайгашкан мамлекеттерге каршылыгын көрсөткөнгө, Россия менен Кытайга каршы турганга булар даярбы?” деген да маселе бар. Анткени, согуш деген оңой эмес. Балээни баштоо үчүн акча керек. Ошондой эле адам ресурсу, курал-жарак ресурсу керек. Мындай ресурстар азырынча Афганистанда жок. Ошон үчүн бүгүн-эртең Ташкентке, Душанбеге, Бишкекке басып келбейт. Айтмакчы, биз дагы бир нерсеге көңүл бурбай жатабыз. Талибан 1996-жылы бийликке келип, 2001-жылга чейин болгонун, кандай себептен бийликтен ажырап калганын, эмне үчүн эл аралык коомчулук аларды кабыл албай койгонун жана Америка баштаган бир канча мамлекеттер биригип туруп, чоң державанын талибандарга каршы соккусун колдогонун да эске алышыбыз керек. Анткени, булар мурдагы кетирген кемчиликтерди кайталабаганга аракет кылышат. Себеби, мурдагы жолуна түшсө, 3-4 жылдан кийин эле бийликтен ажырашарын эске алышат.
Булак: Азия News гезити