www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токон Мамытовдун айтуусу боюнча Сириядагы террористтер эртедир кечтир Кыргызстанга келишет имиш. Ошондуктан биз ал жакка солдат жөнөтүп, башкалар менен кошо аларды ошол жактан талкалашыбыз керек экен. Иши кылса, жатып өлгүчө атып өлүшүбүз керек деп, сөзүн жыйынтыктады ал киши. Бул генерал чын эле генерал болсо, минтип сүйлөбөш керек эле. Менимче аны үстү жактан ушинтип, айтып койчу дешип өтүнүшсө керек..  Эми согуш эмнеден жана кайдан чыгат деген суроолорго жооп издейли.  Акыркы убактарда согуш же кен байлыктар үчүн, же соода кызыкчылыктарынын каршылашуусунан улам келип чыгууда. Анүчүн руханий баалуулуктар кол жоолук болуп берип, ошондон улам согуш тутанып жатканын барыбыз билип деле калдык.  Жакынкы чыгышта, Афганистан, Африка аймактарындагы согуштар мына ушул маселелердин аркасынан болуп жатат. Айрыкча дүйнөлүк нефть запасынын үчтөн бир бөлүгү жакынкы чыгыш өлкөлөрүнө туура келет.  Бул кара алтындын запасына ээ болуу үчүн адамдардын диний, руханий, маданий баалуулуктарын каршы коюшкан жасалма согуштардын сценарийлерин башка тараптан даярдалып жатат десек, бул согуштардын диагнозу аныкталат.  Ал эми Кыргызстанда согуш болот дештин өзү кеңкелестик. Согуш бул акча. Согуш бул чыгым. Миңдеген аскердик техникаларды, жүз миң деген солдаттарды кармоо үчүн айрыкча капиталистик өлкөлөр өлүп баратса өз чөнтөгүнөн акча чыгарбасы турган иш. Кедейликтин сазына баткан, жер байлыгы ченелүү Кыргызстанда алар ачкадан өлүп калышпайбы десек деле аша чаппайбыз. Бул жерде нефт, же газ, же баалуу таштарга толгон кен байлык, же баңги зат өскөн плантициялар болбосо. Анан Кум Төрдөгү чый түкүрүм алтын күмүш үчүн кудайдын азабын жеп, ушул жерге бирөө келеби? Согушту тутантуучу, режиссерлордун аппетити алда канча жогору. Биз 4 миллиард карыз болсок, кайдан төлөөрүбүздү билбей какап калчу өлкөбүз. Алардын болсо, бир эле самолетунун баасы 50 миллион доллардан 90 миллион доллардан ашык акчаны чапчыйт. Мисалы Россиянын СУ 34 аттуу учагы 35 миллион доллардын тегерегинде турса, АКШнын бешинчи муундагы F 35 учагы 80 миллиондон, 94 миллиного чейин турат. Учактардын бир чабуулга учуп барып келүүсү эле миллиондогон акча каражатын чыгымдайт. Айта кетсек, Россиянын СУ34 учагынын бир жолку согуштук тапшырма аткаруусу 3,5 млн рублди түзөт. Бул чыгымдар согуш тутанган территориядан өндүрүлбөсө, кайдан өндүрүлөт? Мына ушундай жөнөкөй арифметиканы алып караганда эле Кыргызстанда согуш отунун тутанышы болбогон икая экенин айтып турбайбы. Ошондой эле Орто Азияда диний согуштун чыгышы да мүмкүн эмес. Анткени бул аймактын эли жалпысынан мусулмандар жана суниттер. Аларды бири бирине диний жактан кайраштыруу бей пайда.  Бир гана улуттар аралык жаңжал, чек аралык уруш талаштар жалпы Орто Азиянын өксүк жери. Ал нерсе да чоң глобалдуу согуштун чыгуусуна шарт түзбөйт. Демек, Токон Мамытовдун айткандарын дээрлик туура эмес десе болот.  Орто Азиянын ушу тапта эң коркунучтуу террористери бул - коррупционерлер. Мына ушулардын айынан миллиондогон адамдар мигрант болушуп, дүйнө жүзүндө тентип жүрүшөт жана өлүп жатышат. Бул чөлкөмдө дээрлик 25 жылдан бери адамдарды кансыратпаса да алсыраткан, талаалаткан, үй бүлөсүнөн ажыраткан, кыздарын сойку, элин томаяк кылган коррупционерлердин улуу эмес, уулуу согушу болуп келе жатат. Биздин түбүбүзгө Сириядагы эмес, өзүбүздүн эле бийликке келип алып, элдин канын соруп тойбой жатышкан, бийликке жеткен соң кеткилери келбей, бийлик кумарына мас болуп калышкан, укук коргоо органдарын кул кылып алышып, элди тебелетишкен, байлыгын башка жактарга ташып бүтпөй жатышкан коррупциянерлер, мультимиллонерлер жетишет. -деген пикирин Дариха Ишанова Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости