www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Азыртан мөңгүлөрдү сактап калууну, экологияны сактоонун аракетин көрбөсөк, кошуналар менен суу талаштар башталышы мүмкүн», - деди бүгүн, 17-августта, NazarNews маалымата агенттигине укук коргоочу Токтайым Үмөталиева.

- Токтайым эже, президенттин кайрылуусунан кийин Жетим-тоого чекит коюлдубу?

- Президенттин кайрылуусунда Жетим-Тоо казылбайт деген так, даана сөз айтылган жок. Ошон үчүн ыңгайы келсе казып баштайбыз деген маселе көтөрүлө бериши мүмкүн деген ойдомун. 

Учурда эң көйгөйлүү маселе жаратылышты сактап калуу. Анткени, кен жердин мээси. Колдон келсе жердин мээсин казып, жер кыртышын бузбай эле койсок болмок. Мен президент болсом тоонун кыртыштарын бузбай, экологияга зыян келтирбей эле, кен казганды токтоттуруп коёт элем.

Ошондой эле кен казууга берилген лицензиялардын баарын мурунку президенттердин тушунда ойду-келди берилип кетиптир деп артка чакыртып алмакмын. Себеби, чалгындоого кен казууга берилген лицензиялар барын чакыртып алып, алардын ишмердүүлүгүн токтотпосок, Чаткалдын чаңын асманга сапырып, табийгатты талкалап жатышат.

Ошон үчүн тактап алганча убактылуу кен казууну токтоттук деген шылтоо менен кен казууну, чалгындоону токтотуп койсок, тоо кыртыштарын сактап калат элек. Экология таза сакталып, мөңгүлөр ээримек эмес. Чаткалдагы эсепсиз кен казуу, чалгындоо иштеринен Чапчыма мөңгүсү эрип баштады.

Азыртан мөңгүнү сактап калууну, экологияны сактоонун аракетин көрбөсөк, Таласка суу барбай калып, коңшу турган казактар менен суу талаш башталышы мүмкүн. Кошуналар менен ынтымактуу жашайбыз. Экологияны сактайбыз десек, кен казууну токтотушубуз керек.

Себеби, кен казуудан, чалгындоодон чыккан чаңдар мөңгүлөрдүн бетин каптап, мөңгүлөрдүн эрте ээришине шарт түзөт. Ошон үчүн далбастап эле кен каздыра бербей, экологияны, тоо кыртыштарын бузбай сактоону да колго алышыбыз зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости