www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармакта Ташкендин Чилонзор районунда 18 унаанын катышуусунда болгон жол кырсыгынын видеосу тарады. Кырсык боюнча ИИМдин Коомдук коопсуздук башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалымат таратты.

Алдын ала маалымат боюнча, кечээ, 16-августта саат 17:45те Ташкен шаарынын Чилонзор районунун Бунёдкор филиал көчөсүндө (көпүрөнүн үстүндө) бир багытта бара жаткан бир нече унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Окуянын кесепетинен жабыркагандар болбогону белгиленди.

Кырдаалга байланыштуу Ташкен шаардык ИИББ ЖККББнын жооптуу кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости