www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө кырсыктан эки адам каза болуп, дагы жети адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынынбасма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 16-августта саат 17.00дөр чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 24-чакырымында 36 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну "Фольксваген Пассат" үлгүсүндөгү унааны айдап баратып, рулду башкара албай калып бакты сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен анын 76 жаштагы апасы алган жаракаттарынан улам ошол жерде каза болуп, айдоочу Балыкчы шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Жети жүргүнчү (үч чоң адам жана төрт жашы жете элек) ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Жол-кайгуул кызматынын маалыматына караганда, кырсыкка ылдамдыкты жогорулатуу себеп болгон.

Аталган факты Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости