www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Менин атам кайда?" ушундай суроо менен мен Даниел Ажиевдин уулу менен тааныштым (ооба, элди "долб .." деп атаган жигит). Тфу-тфу, көз тийбесин, ал ушунчалык сүйкүмдүү, көздөрү да ушундай, бирок кайгылуу, анын жанында анын сотто эмне кылып жатканын түшүнбөгөн бир тууганы бар, ал атасынын жоктугун түшүнүп жатабы, билбейм”, - деп жазган адвокат.

Таалайгүл Токтакунова ошондой эле “Даниель Ажиев сабалды, колу сынды” деген ушактар жалган болуп чыкканын билдирип, Даниелдин соттогу кызыкчылыгын кантип коргоп калганы жөнүндө айтып берген.

“Ошентип, карантин күнү мен үйдө уктап, бардык сериалдарды катар-катар карүп жаттым. Кызым Даниелдин достору адвокат таба албай жатышканын, ага кайрылышканын айтып, “Даниель менен бирге Ички иштер министрлигине суракка бара аласызбы?”, -  деп сурады.

Буга чейин биз анын окуясын талкуулап, карантинде ал адамдардын көңүлүн ачып, жок дегенде короновирустан алагды кылганын айтып күлгөн элек. Көпкө ойлонбой макул болдум. Үйдө эригип кеттим, балдарга да жок дей албадым, анын үстүнө Даниелди кандай бала экенине кызыктым.

Ички иштер министрлигине келгенде, мен анын камалаарын, иш оор берене боюнча козголгонун билдим. Биздин эр жүрөк милиционерлердин мага берген биринчи суроосу "элдин баарын, анын ичинде сени да “далб..б” деп атаган кишини эмне үчүн коргоп жатасың" деген сөзү болду. Мен кайра өздөрүнөн силер эмне ошондойсуңарбы деп сурасам, жок дешти. Анда эмнеге чын чычалайт болуп жатасыңар дедим.

Мен аны биринчи жолу көргөндө, ал ушунчалык агрессивдүү болуп, көп нерселерди айтып берген, баарына ачууланган. Ушундай оор күндөрдө адамдарга кантип жардам бергиси келгенин, ага кандай мамиле болгонун жана адамдар эмнеге ыраазы эместигин ж.б.у.с. айтып берди. Мен аны коркуу сезими менен карадым, жогорку билими жок баланы достору менен байланыштырган эмне экенин түшүнө алган жокмун. Мага ал маанисиз сөздөрдү, сөз айкаштарын, бүт сүйлөмдөрдү айтып жаткандай туюлган... Ошондо мен аны кунт коюп угуп баштадым.

Бирок бир нече мүнөттөн кийин анын туура, сабаттуу сүйлөгөнү мени таң калтырды. Кебиндеги "мите курт" сөздөр жоктугунан анын көп окугандыгы түшүнүктүү болду (сөз байлыгы мыкты). Бирок бир гана чоң кемчилиги көп сөгүнөт экен. Элге карантин убагында 7 миллион сомдук азык-түлүк алганын, жазылган жаман пикирлерден улам ачууланганын, анын үстүнө “досу” – адвокаттын баласы менен болгон окуя анын тынчын ого бетер алганын түшүндүм”, - деп жазган Токтакунова.

Ошондой эле адвокат: "Даниелге Сыдыман же Жоробеков сыяктуу бейөкмөтчүлөр жардам бербейт, анткени ал блогер же журналист эмес, саясатчылар да жардам бербейт", - деген пикирин жазып, Даниель экөө жалгыз калганын айтып, Кудайдан күч сураган.

Адвокаттын айтымында, Даниелдин келинчеги балдар үйүндө чоңойгон. 

“Андан да кызыгы, "кадыр-барктуу" адамдар мага келип, анын кызыкчылыгын коргоодон баш тартышымды суранып, адамдардын сүйүүсүнөн айрыласын десе, кээ бирлери: "Бизге залакасы тийип калат" деп айтышты. Мен юристмин жана кардарым башкаларга жакпаса да баш тартпайм ...

Мен ушундай жагдайга туш болдум, бүткүл дүйнө мага каршы болуп жаткандай сезилди. Даниель өзүн кандай сезди экен.  Ар бир адам жаңылышат, бирок мыйзам күн сыяктуу үчүн бардык адамдар үчүн бирдей жаркырап турушу керектигине ишенем...”,- деп сөзүн аяктаган Таалайгүл Токтакунова.

"А где мой папа" с такого вопроса началось мое знакомство с сыночком Даниеля Ажиева (да да именно того парня который...

Опубликовано Таалайгуль Токтакуновой Воскресенье, 31 мая 2020 г.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости