www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дыйкандар электрондук биржадан алгач кантты сата башташат. Бул тууралуу 4-декабрда айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев билдирди.

Токтогазиевдин айтымында, биржа дыйкандар үчүн түздөн-түз өз продукциясын сатууга мүмкүнчүлүк түзөт.

"Биржада сатуучу жана алуучу гана болуп, ортомчулар жок болот. Бул практика дүйнөдө болуп келген. Азыр бизде пилоттук режимде кантты сатуудан башталат", - дейт ал.

Электрондук биржалык соодалашуунун катышуучулары жеке жана юридикалык жактар, Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери боло алышат. Катышуучулар биржада бардык операцияларды трейдерлер аркылуу жүргүзүшөт. Биржада каттоо жана аккредитация акысыз.

Эскерте кетсек, фермерлерди колдоо жана продукциянын дүйнөлүк рынокторго чыгуусуна мүмкүнчүлүк түзүү максатында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКынын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости