www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турсунбай Бакир уулу 2-декабрда Садыр Жапаров менен "Ала-Арча" мамлекеттик  резиденцияда жолукту. Бул тууралуу Турсунбай Бакир уулу өзүнүн социалдык баракчасында билдирди. 

"2-декабрь куну Жапаров Садыр иним менен мамлекеттик резиденцияда жолуктук.

Баарына маалым: Садыр Жапаров камалган кундон бери ЭрК партиясы жана анын жетекчилиги ушунча жылдан бери аны ачык колдоп, өкүм чыкканга чейин сотуна да катышып, түрмөгө да барып, аны бошотуу маселеси боюнча Ак үйгө да кирип, митингдерде да талап коюп, атайын саясий билдирүүлөр менен телерадиоканалдардан, гезиттерден жана социалдык желелерден да чыгып журдук. Октябрь айындагы элдин көтөрүлүшүндө да Садыр Жапаровду премьер-министр кызматына бекитүүнү митингде Жогорку Кенештен талап кылганбыз.

12-октябрьдан баштап элдин талаптарын, эл астында Садыр Жапаров берген убадаларын жана уммотубуздун умутун камтыган конституциянын жаны текстин жазып, даярдап койгонбузду коомчулукка билдиргенбиз.

Башка соз менен айтканда, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Равшанбек Сабиров менен коп жылдан бери үзөңгүлөш, пикирлеш болуп келгенбиз.

Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Президент кызматына талапкерлер катарында 2-декабрдагы жолугушуубузда өз ара түшүнүктө, бир туугандык мамиледе өттү. Мунун чон себеби шайлоо алдындагы Программаларыбыз да окшоштугу (экөөбүз да конституцияны өзгөртүүгө чечкиндуу турганыбыз, мамлекеттик башкаруунун парламенттик системасына каршы экендигибиз, Жогорку Кенешти шайлоодо бир мандаттуу принципти сөзсүз киргизүүнү туура коруудо, жер байлыгын пайдаланууда мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы биринчи орунда туруусу, тышкы саясатта улуттук кызыкчылык жогору турууда жана башка олутту маселелерде оюбуз бир экендиги) болду.

Бир гана озгочолугу бар экенин да жашырган жокмун. Ал: ЭрК партиясынын программасында диний балуулуктар негизги максат катары көөрсөтүлгөнү. Бул маселе боюнча Садыр иним экөөбүз пикир алмаштык.

Садыр инимди Кудайдан гана корккон намазкой бир тууганым катары билемин. Ошондуктан өтө ыймандуу, сабырдуу, эрктуу инсан катары бийликтин бардык кысымына, куугунтугуна, адилетсиздикке чыдады, абакта олтурганда атасын, энесин, уулун жоготкондо да сынбады, ийилбеди! (Мындай күчтүү инсандардан канчоону билесиңер?).

Жаны конституция жонундо да сүйлөштүк. Садыр иниме ЭрК партиясы жана Кадыр Маликов, Акимжан Эргешов, Дуйшон Абдылдаев баш болгон бир топ коомдук ишмерлер менен биргелешип даярдаган конституциянын тексти жөнүндө да баяндап бердим. Биз даярдаган конституциянын вариантын колдоп берүүнү жана расмий талкууга альтернативдуу вариант катары коюп берүүнү да суранып кеттим. Ин шаа Аллах, ушул күндөрү негизги мыйзамдын биз жазган вариантты президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовко тапшыратурган болдук.

РS. Президенттик шайлоолордун бардыгына катышып келдим. Гиннес китебине да кире турган болдумго.

Анын ичинде, 1995 жана 2009-жылдардагы шайлоолордо бийликтин күчү менен мени четтетип коюшкан.

Эки жолу гана өз каалом менен шайлоодон чыгып кеттим: 2017 жана 2020 жылдары.

2000, 2005 жана 2011-жылдардагы президенттик шайлоолорго катышканмын. Элдин баарына маалым болгондой, бир да президенттик шайлоо таза өткөн эмес. Мисалы, 2005-жылкы шайлоо көп суроо туудурат. Негизги талапкерлер К.Бакиев экөөбүз болгонбуз. Шайлоодон кийинки жылы БШК нын төрагасы жана айрым мүчөлөрү ажы энеме Куран окутканы келишкенде «Бийлик бийлик экен, ажыке бизди кечирип коёсуз. Бизге «Бир тур менен шайлоону бутургуло!» деген буйрук берилди. Шайлоо куну түштөн кийин бюллетендер бардык урналарга ыргытылды. Болбосо 1-турда Сиз 42%, К.Бакиев 38% алып, 2-тур болмок» деп кечирим сурашты. Ошондо аларга «Менго пендемин - силерди кечиремин. Бирок менин программам - исламий программа эле да! Силер Аллахымдан кечирим сурагыла» деп жооп бергенмин...

Мейли, откон ишке салават. Эми президенттик шайлоо тазараак өтөт деген үмүттөмүн.

ЭрК партиясы жана колдоочуларым менин чечимимди туура тушунуп, колдоп беришет деген терең үмүттөмүн. Ассаламу Алейкум уа РахматулЛахи уа Баракатуху!

РРS. Дагы деле менин ушул чечимимди түшүнбөгөндөргө кошумча уч себепти айтайын:

- Түндүк-Түштүккө бөлбөгөн, трайбализм оорусу жок саясатчыларды бир колдун манжалары менен эле эсептесек болот. Ошолордун бириси - Садыр Жапаров. Же Садыр элди экиге болуп жатканын уктуңарбы? Тагай бийдин урпагы катары дайыма элди ынтымакка чакырып, жалпы элдик кызыкчылыктарын коргоп келген;

- А.Акаевка, К.Бакиевке, А.Атамбаевка альтернативдуу программаларым менен президенттик шайлоолордо атандаш болгонмун. Азыр С.Жапаров менен программабыз окшош болсо, кантип элге экөөбүз чыгабыз?! Ошондуктан, элдин оозунда көбүнчөсү Садыр Жапаров айтылып туугандарым мен анын пайдасына шайлоодон чыгып кеткеним - замандын талабы! Жеке кызыкчылыкка караганда элдин кызыкчылыгы жогору туруш экендигин туура түшүнөм", - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости